Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 00:01
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

"Ысык-Көл" аэропорту Россиянын 7 шаарынан жүргүнчүлөрдү кабыл алууда

26.05.2021 14:28
1568
"Ысык-Көл" аэропорту Россиянын 7 шаарынан жүргүнчүлөрдү кабыл алууда


Учурда «Ысык-Көл» эл аралык аэропорту Россиянын 7 шаарына - Москва, Санкт-Петербург, Минеральные Воды, Ростов-на-Дону, Уфа, Екатеринбург жана Новосибирск шаарларына чартердик каттамдарды тейлөөдө. Бул тууралуу «Манас» аэропортунун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Алар: 

Москва:

Москва-Тамчы-Москва багыты боюнча каттамды жумасына бир жолу (дүйшөмбү күндөрү) «Урал аба жолдору» авиакомпаниясы аткарууда: учуп келүү – 06:45, учуп кертүү – 07:45.

Ошондой эле «Сибирь» авиакомпаниясы Москва-Тамчы- Москва багыты боюнча жумасына бир жолу (шейшемби күндөрү) учууларды аткарууда: учуп келүү – 08:35, учуп кетүү – 09:35.

Санкт-Петербург:

Санкт-Петербург-Тамчы-Санкт-Петербург багыты боюнча каттамды жумасына бир жолу (шейшемби күндөрү) Nordwind Airlines авиакомпаниясы аткарууда: учуп келүү – 22:30, учуп кетүү – 00:05.

Минеральные Воды:

Минеральные Воды-Тамчы-Минеральные Воды багыты боюнча каттамды жумасына бир жолу (шейшемби күндөрү) «Урал аба жолдору» авиакомпаниясы аткарууда: учуп келүү – 02:50, учуп кетүү – 03:50.

Ростов-на-Дону:

Ростов-на-Дону-Тамчы-Ростов-на-Дону багыты боюнча каттамды жумасына бир жолу (жума күндөрү) «Урал аба жолдору» авиакомпаниясы аткарууда: учуп келүү – 03:50, учуп кетүү – 04:50.

Ошондой эле Nordwind Airlines авиакомпаниясы Ростов-на-Дону-Тамчы-Ростов-на-Дону багыты боюнча жумасына бир жолу (дүйшөмбү күндөрү) учууларды аткарууда: учуп келүү – 09:30, учуп кетүү – 11:00.

Уфа:

Уфа-Тамчы-Уфа багыты боюнча каттамды жумасына бир жолу (жума күндөрү) «Урал аба жолдору» авиакомпаниясы аткарууда: учуп келүү – 14:50, учуп кетүү – 15:50.

Екатеринбург:

Екатеринбург-Тамчы-Екатеринбург багыты боюнча учууну «Урал аба жолдору» авиакомпаниясы жумасына бир жолу (ишемби күндөрү) аткарууда: учуп келүү – 04:20, учуп кетүү – 05:20.

Новосибирск:

Новосибирск-Тамчы-Новосибирск багыты боюнча каттамды жумасына бир жолу (жекшемби күндөрү) «Сибирь» авиакомпаниясы аткарууда: учуп келүү – 08:40, учуп кетүү – 09:40.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн