Жалган куран05, 2021
Убакыт: 03:14
USD
84.75
84.90
EUR
101.80
103.00
RUB
1.146
1.160

"Кабарлар" маалымат агенттиги Үмүт Мукамбетованын кармалышы боюнча түшүндүрмө берди

23.02.2021 14:21
455
"Кабарлар" маалымат агенттиги Үмүт Мукамбетованын кармалышы боюнча түшүндүрмө берди

"Кабарлар" маалымат агенттиги Үмүт Мукамбетованын кармалышына байланыштуу кырдаалды түшүндүрөт. Бул тууралуу маалымат сайтка жайгаштырылды.

 

Акыркы эки жумада "kabarlar.kg" маалымат сайтына хакерлердин чабуулу болуп, узакка созулган техникалык иштерден кийин калыбына келтирилди.

 

Бир-эки күн мурун бир нече адам агенттиктин жетекчилигине кайрылып, айрым саясатчылар жөнүндө терс материалдарды жазбоону талап кылышкан.


Кийинчерээк Аскар аттуу жаран “Кабарлар” маалымат агенттигинин директору Үмүт Мукамбетовага кайрылып, ага журналисттер менен пресс-конференция уюштуруп берүү өтүнүчү менен кайрылган. Ал кармалгандыгына байланыштуу кырдаалды түшүндүрүп берүү максатында пресс-конференция берүүнү каалагандыгын билдирген.


Буга чейин массалык маалымат каражаттарында Аскарды мас абалында унаа башкарганы үчүн Патрулдук милиция кызматкерлери тарабынан кармалган видео пайда болгон. Кармоо учурунда ал президент Садыр Жапаровго видео кайрылуу жасаганы белгилүү. Бул видеонун баштапкы булагы КТРК жана анын тармакта андан ары жайылышы "Кабарлар" МАдан көз каранды болгон эмес.


Аскар менен Үмүт Мукамбетова жеке тааныш болгондуктан, ал журналисттер менен пресс-конференция уюштурууга жардам берүүгө макул болду.


Агенттиктин маалыматы боюнча, Аскар буга чейин маалымат жыйын уюштурууга жардам берүү өтүнүчү менен бир нече маалымат агенттиктерине кайрылган, анткени Үмүт Мукамбетова аны жеке өзү таанып, уюштурууга жардам берүүгө макул болгон жана ал уюштурууга кеткен чыгымдар үчүн 20 миң бөлүп берүүнү убада кылган. Натыйжада Жаннат мейманканасында  пресс-конференция өткөн...

 

 Биздин агенттик муну саясий буйрук жана Маалымат агенттигинин беделине шек келтирүү үчүн атайын уюштурулган иш деп эсептейт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн