Бугу 14, 2024
Убакыт: 04:05
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

"Кыргыз көмүр" ишканасынын Кара-Кече филиалында саясий кырдаал тынч, - милиция

07.10.2020 16:06
554
"Кыргыз көмүр" ишканасынын Кара-Кече филиалында саясий кырдаал тынч, - милиция

Бүгүнкү күндө "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын Кара-Кече филиалында саясий кырдаал тынч. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, интернет булактарына 6-октябрь күнү саат 15:00 чамасында Нарын облусунун Жумгал районунда жайгашкан "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын Кара-Кече филиалын криминалдык авторитет М.Кадыркулов каймана аты "Саяк" уюштурган белгисиз адамдар басып алгандыгы жана кассадан акча каражаттарын алып кетишкендиктери ошондой эле көмүр кесимде көмүрдү белгисиз адамдар эч кандай документи жок, акча төлөбөстөн алып кетип жатышкандыктары маалымдалган. Аталган факты Жумгал РИИБ тарабынан каттоого алынган.


"Азыркы учурда бул факты боюнча Жумгал РИИБдин ыкчам тергөө тобу жеринен текшерүү жүргүзүп, окуя болгон жерден эч кандай кассадан акча каражаттарын белгисиз адамдар алып кетишпегендиктери аныкталган.


Ошондой эле көмүр кесимге барышкан  белгисиз адамдар тарабынан эч кандай документи жок, акча төлөбөстөн көмүр чыгарылгандыгы тастыкталган жок.


Бүгүнкү күндө "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын Кара-Кече филиалында саясий кырдаал тынч абалда, кызматкерлер күндөгүдөй эле көмүр чыгарышып, көмүргө келген жарандар толук кандуу иш алып жатышат", - деп айтылат маалыматта. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн