Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 02:04
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

"Кыргыз почтасы" толугу менен мамлекеттик менчикке өтөт

19.04.2022 10:43
532
"Кыргыз почтасы" толугу менен мамлекеттик менчикке өтөт

Кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу жана спектрин кеңейтүү үчүн "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасы 100 пайыз акциясын мамлекеттик менчикте сактоо менен "Кыргыз почтасы" ачык акционердик коому болуп кайра уюштурулат. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.


"Тийиштүү чечимге почта байланышын, анын ичинде банктык терминалдарга окшош атайын терминалдарды пайдалануу менен жарандарга пенсияларды жана жөлөк пулдарды берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу жана спектрин кеңейтүү максаты коюлган. Ошондой эле андан ары натыйжалуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу үчүн потенциалдуу стратегиялык инвесторлордон түз инвестицияларды тартууга шарттарды түзүү максатында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон", — деп айтылат маалыматта.


"Кыргыз почтасы" ачык акционердик коому "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын укук улантуучусу болуп саналары белгиленген. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна "Кыргыз почтасы" ишканасын акционердик коомго өзгөртүп түзүү боюнча иш-чаралардын комплексин белгиленген тартипте ишке ашыруусу тапшырылган.

Өзгөртүп түзүлгөн "Кыргыз почтасы" ачык акционердик коомунун акцияларын фондулук биржада ажыратууга тыюу салынары да белгиленген.


Булак: "Спутник Кыргызстан"

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн