Кыргыз-тажик чек арасында абалды тынч деп айтууга болбойт. Мындай пикирин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, чек ара чечилмейинче конфликт болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт.
"Кыргыз-тажик чек арасында абалды тынч деп айтууга болбойт. Курч бойдон калууда.
Чек арада конфликт чыкпайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Чек ара чечилбейт деп айтпаймын сөзсүз бир күн чечилет.
Азыркы учурда эвакуацияланган эл үйүнө кайтып келди",- деди Ташиев.
Пикирлер (1)