"Кыргыз темир жол" мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгү Башкы прокуратура, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Эсеп палатасы тарабынан текшерилүүдө. Бул тууралуу ишкананын жетекчиси Азамат Сакиев Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде билдирди.
Анын айтымында, укук коргоо органдары ишканадагы мыйзам бузулууларды текшерүүдө. Ишкананы текшерүү боюнча арыз мурдагы жетекчи тарабынан жазылган.
Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов "Кыргыз темир жолунда" эмгектенип байыган адамдар көп экенин айтты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн