Бугу 18, 2024
Убакыт: 21:06
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

"Кыргызкөмүрдүн" директору Кара-Кечедеги абал боюнча айдоочуларга кайрылды

17.09.2020 16:44
690
"Кыргызкөмүрдүн" директору Кара-Кечедеги абал боюнча айдоочуларга кайрылды


"Кыргызкөмүр" ишканасынын директору Канатбек Ашырбаев Кара-Кече кениндеги абалды жөнгө салуу боюнча иш аракеттерди көрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, "Кыргызкөмүр" ишканасынын күнүнө көмүр кесиминен  жүз машинаны жүктөп кетирүүгө мүмкүнчүлүгү бар. 


"Дыйкан—Кара-Кече жолу ачылгандан кийин унаалар көбөйөт. Мунун кесепетинен кезек күтүүлөр да болушу мүмкүн. Ошол себептен көмүр ташыган айдоочулар, Нарын, Ак-Талаадан келген унаанын айдоочуларына кезек жок кезде ташып алуу сунушталууда", - деди К.Ашырбаев. 


Буга чейин маалымдалгандай, 15-сентябрда Кара-Кече көмүр кенинде жер көчкү жүргөн. Жер көчкү Дыйкан – Кара-Кече жолунун 37-чакырымында жүрүп, Кара-Кече суунун тосуп калган. 





Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн