Эсен Шерботоев "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасынын башкы директору болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду.
Жаңы жетекчини командага вице-премьер-министр - санариптик өнүгүү министри Азамат Дыйканбаев тааныштырды.
Буга чейин Эсен Шерботоев мамлекеттик аппараттын транспорт, курулуш жана байланыш бөлүмүнүн эксперти кызматын аркалап келген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн