Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы Мирлан Бакиров "Манас" аэропортунун сатылышы тууралуу маалыматка жооп берди.
Анын айтымында, аэропортту сатууга тыюу салынганы мыйзам менен бекитилген жана стратегиялык объектини сатуу тууралуу план жок.
"Менчиктештирүү жол -жобосу көпкө ойлонууну талап кылат: министрлер кабинетинин, депутаттардын макулдугу керек. Анан кайра баалоо болот, муну көз карандысыз компания жүргүзөт. Андан кийин атайын комиссия түзүлөт. Комиссиянын иши бүткөндөн кийин гана компания же ишкана аукционго же сынакка коюлат", - деди Мирлан Бакиров.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн