Бугу 06, 2024
Убакыт: 00:36
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

"Манастын уулу Семетей" фильмин көргөндөн кийин башкаларга сунуштоого болбойт

17.12.2021 10:35
3060
"Манастын уулу Семетей" фильмин көргөндөн кийин башкаларга сунуштоого болбойт

 

Көптөн күткөн "Манастын уулу Семетей" фильмин бүгүн көрдүк. 

Мен советтик, большевиктик, тоталитардык принциптерди чыгармачылыкка карата пайдаланып, ага тыюу салууга, чектөөгө, кийлигишүүгө принципиалдуу түрдө каршымын. Каршы эле эмес, жек көрөм дагы. Чыгармачылык эркин көрүнүш. Демократиянын базалык баалуулуктарынын бири ушунда. Бул менин өтө терең ишенимим. Ошон үчүн фильм тартыла баштаганда бул туурасында өз пикиримди ачык билдиргем. 

Бирок, тилекке каршы, бүгүн фильмди көрүп чыккан соң, мындай турушунда көрүүчүлөргө сунуштоого болбосун айтып, каршы экенимди кескин билдирүүгө туура келди. Анткени, мен кыргыздын уулумун, а "Манас" мен үчүн ооздун курулай жели эмес - Ала-Тоолук элимдин эң улуу, эң ыйык, эч бир байлыкка алмашкыс рухий мурасы! 

Ошентип, менин демократиялык принциптеримен да "Манасты" кадырлоом, улуттук намысым жогору туруп калды. 

Мына ушундай кейиштүү чындыкка бүгүн туш келдим... 

Өтө өкүнүчтүү. Эгер фильм көркөмдүк беделге ээ, колго алаарлык болсо, мындай көрүнүш болмок эмес. Мындай кескин пикирди айтмак да эмесмин. 

Албетте, Өмүрзак Төлөбеков таарынган чыгаар, бирок бул менин жеке позициям, ынанымым... 


А эгер объективдүү жагдайга келе турган болсок, чакырылгандардын көпчүлүгү фильмди кабыл алышпаганы баамдалды. Президент Садыр Жапаров да мындай турушуна каршы экенин билдирди, маңыздуу сын пикирлерин айтты. Фильмди оңдоп-теңдеп кийинки күздө кайра көрсөтүүнү сунуштады.


Жаныш Кулмамбетов

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн