Бугу 01, 2024
Убакыт: 00:18
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

"MegaCom" компаниясынын төрагасынын кеңешчиси Төрөхан Жунусбеков Жапаровду колдоону улантат

21.12.2020 15:40
491
"MegaCom" компаниясынын төрагасынын кеңешчиси Төрөхан Жунусбеков Жапаровду колдоону улантат

“MegaCom” уюлдук компаниясынын төрагасынын кеңешчиси Төрөхан Жунусбеков эмгек өргүүсүнө чыкты. Бул тууралуу компания маалыматты тастыктады.


Компаниянын жетекчисинин жаңы дайындалган кеңешчиси Талас облусуна президенттикке талапкер Садыр Жапаровго үгүт жүргүзүү үчүн кеткени маалым болду.


Бул маалыматты “MegaCom” уюлдук компаниясынын басма сөз кызматы тастыктады. Компаниянын маалыматы боюнча, Төрөхан Жунусбеков 14-декабрда эмгек өргүүсүнө чыккан.


Буга чейин Жунусбеков Фейсбукка Садыр Жапаровдун шайлоочулар менен жолугушуусундагы сүрөтүн жарыялап, шайлоо алдындагы үгүтүн жазган. Бул мыйзам бузууга кирет. Аны болсо БШК текшерүүгө алган.


Борбордук шайлоо комиссиясы журналисттерге мамлекеттик компаниянын кызматкери белгилүү бир талапкер үчүн акы төлөнүүчү эмгек өргүүсүндө үгүт жүргүзүүгө укугу жок экендигин билдирди. Бирок, эгерде кызматкер эмгек акысы жок өргүү алуу жөнүндө арыз жазган болсо, анда эч кандай мыйзам бузуулар жок.


Эскерте кетсек, “Мекенчил” партиясынын мүчөсү Төрөхан Жунусбеков “MegaCom” компаниясынын башкы директорунун кеңешчиси болуп дайындалган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн