Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 22:11
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

"Мегакомдун" таза кирешеси канча сумманы түзөрү айтылды

29.07.2022 16:35
1106
"Мегакомдун" таза кирешеси канча сумманы түзөрү айтылды


Өткөн жылы "Альфа Телеком" ("Мегаком" оператору) жабык акционердик коомунун таза кирешеси 1,5 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Мирлан Бакиров билдирди.

"Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, айрым акционердик коомдор Санариптик өнүктүрүү министрлигинин башкаруусуна өткөрүп берилди. Анын ичинде "Альфа Телеком", "Кыргызтелеком", "Евразия сактык банкы" ишканалары бар. Үстүбүздөгү жылдын аягына чейин акционердик коомдордун консолидацияланган кирешеси былтыркыга салыштырмалуу өсүш көрсөтөт деп турабыз. Жакшы жыйынтыкты "РСК Банк", "Айыл банк" жана "Кыргызнефтегаз" көрсөтүүдө", — деди ал.

Мисалы, "Кыргызнефтегаздын" акыркы 6 айдагы таза кирешеси 1 миллиард 850 миң сомду түзгөнүн кошумчалады.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн