Бугу 06, 2024
Убакыт: 00:14
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

"Миграция түйшүгү мектептен айтылышы керек"

12.03.2024 17:23
135
"Миграция түйшүгү мектептен айтылышы керек"


Кыргызстандын Чехиядагы ардактуу консулу Саадат Даминова Европадагы кыргызстандык кыз-келиндердин алгачкы форуму, миграция маселелери тууралуу "Азаттыкка" маек курду.

- Саадат айым, 9-март күнү Варшавада Европадагы кыргызстандык кыз-келиндердин биринчи форуму өттү, ага сиз да катыштыңыз. Бул иш-чаранын мааниси эмнеде?

- Бүгүнкү күндө Европа өлкөлөрүндө жашаган кыргызстандыктардын диаспораларынын көбүн айымдар жетектейт. Бул форумдун негизги максаты - мекендештерди бириктирүү.

- Форумга Жогорку Кеңештен делегация, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Алар менен жолугушуу эмнеси менен пайдалуу болду?

- Пикир алмашууда көп маалымат бергендер арасынан бир гана депутат Элвира Сурабалдиева айымды жана Италиядан келген Бурмачач Томоева айымды белгилей кетким келет. Элвира Сурабалдиеванын сөзүнөн Кыргызстанда аялдардын укугун коргоо жаатында мыйзам чыгаруу иши кандайча жүрүп жатканы, кандай демилгелер көтөрүлүп, мыйзам долбоорлору каралып, кабыл алынып келатканы, тийиштүү уюмдардын ишмердиги тууралуу так жана даана маалымат алганыма кубанычтамын.

Италиянын Милан шаарындагы кыргызстандыктардын ассоциациясынын жетекчиси Бурмачач айым кыргыз тили маселеси менен катар мигрант аялдар психикалык жактан туш болгон көйгөйлөргө көңүл бурду. Бул да өтө маанилүү, көз жаздымда калбашы керек болгон жагдай.

Кыргызстандын мыйзам чыгаруу бийлигинин жетекчилиги, өкүлдөрү келип катышкан, эл аралык абройлуу уюмдардын деңгээлинде уюштурулган жолугушуу болгондуктан, форумдун вазийпасы да жогору экени шексиз. Андыктан мындай иш-чарага чакырылгандардын, сөз сүйлөгөндөрдүн компетенциясы, тажрыйбасы, аброю жагынан элчиликтен, бир нече булактан ар тараптуу маалымат алганыбыз оң.

- Европадагы кыргызстандык мигрант кыз-келиндерди кандай сүрөттөйт элеңиз?

- Европага келген аялдар көп. Алар заводдордо, кампаларда иштешет. Кары же ооруган адамдарды карап иштегендер көп кездешет.

Студент кыздарыбыз да бар экени белгилүү. Алар көбүнчө окууну аяктагандан кийин бул жакта калып калууну каалашат. Албетте, түгөйлүү болуп, үй-бүлө куруу керек. Ошондуктан жергиликтүү мырзалар менен турмуш куруп калгандары көп. Бирок алардын менталитети башка болгондуктан, кээ бирлери ошого көнө албай кыйналат, куса болот. Айрымдары жалгыз калат. Мекенине каалаган убакта каттай албай калгандыктан кыйналгандары бар. Үй-бүлө куруп, эне болгондор балдарынын туугандарын билбей өсүп жатканына кыжаалат болушат.

- Мигранттардын укугун коргоо керек деп көп айтылат. Мында негизги жоопкерчилик кимде деп ойлойсуз?

- Мигранттын укугу бузулбашы үчүн, биринчиден, ал өзү маалыматка ээ болушу керек. Үйдөн чыгып, чет өлкөгө аттанып жатканда баарын кылдат пландап, ар тараптан изилдеп, иликтеп, даярданышы зарыл.

Ал эми өкмөттөн жардам мектептен башталса туура болот эле. Себеби, чет жакка барып окуйм же иштейм дегендер эмгек миграциясынын тобокелдиктери, жеке коопсуздугу, коркунучтар, жада калса үй-бүлөнү пландоо, сексуалдык коопсуздук тууралуу түшүнүгү болушу талап. Аларга ошондой маалымат эрте берилиши керек. Наристелердин таштанды болуп калуу коркунучун алдын алуу да уят же жабык тема болбошу кажет. Чет өлкөлөрдө улан-кыздарга бул тууралуу 6-класстан тартып эле айта башташат, ата-эне да ачык сүйлөшүп, кам көрөт.

Албетте, жаштарыбызга үйдөн кайсы бир кесиптин ээси болуп, чет тилин үйрөнүүгө жетишкен болсо, чет мамлекетке барганда кыйналбай турганын да айтуу керек.

Жумуш берген өлкөлөр келген мигранттарга чек коёт. Биринчи кезекте өз жарандарынын кызыкчылыгын эске алат. Мигрантты көзөмөлгө алуу үчүн мыйзамдуу чектөөлөрдү аныктайт.

Өз укугун коргоо үчүн мигрант да мыйзам бузбашы керек.

Бизде, тилекке каршы, дагы деле тааныштары аркылуу миграцияга чыгуу көрүнүшү күч. Миграцияга чыгып жатканда эң биринчи кезекте өзүнүн чамасы канчалык, мына ошого караш керек, өзүнө гана ишенүү, даярдануу зарыл.

- Европага иштегени келген кыргызстандыктар арасында мыйзамсыз миграция маселеси канчалык курч? Аны токтотуу, алдын алуу мүмкүнбү?

- Жогоруда айтылгандай, мыйзамсыз миграция так ошол тааныштар аркылуу, эч даярдыгы жок келгендиктен, билимдин аздыгынан, жумушка орноштурууну убада кылган ар кандай агенттиктердин маалыматтарынан улам келип чыгууда. Көйгөйдү чечүү, менимче, ошондой агенттиктердин ишмердигин жөнгө салуудан, мигранттарды бардык зарыл маалымат менен камсыздоодон башталышы керек. Бул жумушту Чет өлкөлөргө жумушка орноштуруу борбору жүргүзгөнү оң.

Европанын эмгек миграциясын жөнгө салуучу мыйзамдары кандай, алар иш жүзүндө кандайча жүзөгө ашырылууда, кандай талаптары бар, өнөктөштөр менен келишим түзүүдө эмнеге көңүл буруу зарыл - мына ушунун баары өтө маанилүү.

- Аялдардын укугуна тиешелүү абалды кандай деп мүнөздөй аласыз? Эмнеден кыйналат, кандай жардамга муктаж?

- Аялдардын укугу Европада бузулбайт. Бул жерде гендердик теңчилик камсыздалган. Мигранттын баары – аялбы же эркекпи, бирдей укуктук абалда.

Башка маселе – үй-бүлөсүн таштап, алыскы өлкөгө келген аялдын психологиялык абалы. Көпчүлүк аялдар балдарынын алдында өзүн күнөөлүү сезет, жалгыздыктын айынан кусалык пайда болот, күйөөсүн күнөөлүү деп эсептей баштайт, акыры ажырашып кеткендер да болот. Мындай учурда алар психолог адистин жардамына муктаж болушат.

Бул нерсеге биздин коом көп көңүл бурбай келет. Ошондуктан азыркы учурда диаспоралар, активисттер түрдүү иш-чараларды уюштуруп, өкмөт менен тыгыз иштей баштады, сырттагы мекемелерибиз дагы биз менен чогуу иш алып барууда.

- Эмгек укугун коргоо жаатындагы негизги маселелердин бири пенсияга байланышкан эмеспи. Кыргыз өкмөтү бул багытта бир катар өлкөлөр менен келишим түзгөнү белгилүү. Европа мамлекеттери боюнча абал кандай?

- Жумушка жарамдуу курагында башка өлкөдө иштеп, кийин улгайганда пенсия алуу укугуна ээ боло албагандар маселеси Европада гана эмес, дүйнөнүн бардык башка өлкөлөрүндө жүргөн жердештерибизди түйшөлтөт. Андыктан биздин мамлекет да мигранттар көп иштеген өлкөлөр менен бул багытта сөзсүз иш жүргүзүшү керек.

Биз азыр Чехия мамлекети менен ушул маселе боюнча иштеп, тийиштүү келишимдерди изилдеп, аягына чыгарууга даярданып жатабыз.

- Мигранттык жашоонун оош-кыйышы балдарга да таасирин тийгизет эмеспи. Алар жергиликтүү коомго аралашуу жагынан кандай жардамга муктаж болушат?

- Мигранттын баласы аябай чоң сыноодон өтөт. Эгерде торолуп калган чагында Кыргызстандан келген болсо, ал үчүн жаңы чөйрөгө аралашуу кыйын. Бала өзүн кандай алып жүрүүнү билбей кыйналат.

Мында негизги жоопкерчилик да, милдет да ата-энеде. Баланын туура калыптануусу, жергиликтүү чөйрөгө көнүп кетиши, тил жагынан кыйналбашы үчүн шарт түзүп, жакын болуп, сүйлөшүп, түшүндүрүп туруу абзел.

Албетте, баланын инсандык калыптануусунда, тарбиялануусунда анын иденттүүлүк жагына көбүрөөк көңүл буруу зарыл – ал өзүн кыргыз деп тааный алгыдай болушу керек. Көбүнчө ошондон кыйналат. Бала өзүн ара жолдо калгандай сезип, ким экендигин түшүнбөй калыптанып калышы мүмкүн. Ошондуктан диаспоралардын иш-чараларына балдарды да катыштырып туруу абзел.

- Саадат айым, сиз Кыргызстандын Чехиядагы ардактуу консулу болуп расмий түрдө иштей баштаганыңызга жарым жылга чамалап калды. Бул өлкөдө кыргызстандыктар көппү? Алар эмне менен алектенишет? Сиздерге кайсы маселелер менен кайрылышат?

- Расмий каттоодон өткөндөр 1785 адам, бирок бейрасмий эсептегенде 4 миңге жакын деп жүрөбүз, анын ичинен 400ү студенттер. Азыр консулдук кеңседе кыргызстандык жарандарды тейлөө үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Паспорт алмаштыруу, жаңылоо, никеге туруу, жаңы төрөлгөн балдарды каттоого алуу ж.б. маселелер боюнча кайрылгандар ушул жерден тейленет. Көп учурда студенттер документинин мөөнөтү өтүп кеткенде же ушу сыяктуу маселе жаралганда бизге жардам сурап кайрылышат. Андан сырткары бала бакча, догдур издегендер, документинин мөөнөтүн кантип узартууну, кантип үй-бүлөсүн алып келүүнү сурагандар кайрылышат. Баарына тийиштүү жардам көрсөтүлүп турат.

- Кыргызстандын ардактуу консулдугу Европанын дагы кайсы өлкөлөрүндө бар?

- Словакия, Литва, Польша, Латвия өлкөлөрүндө ардактуу консулдар бар. Ардактуу консулдун миссиясы – биздин элчилик же башкы консулдук ачылбаган өлкөлөрдөгү жарандарга жардам берүү, эки өлкө ортосундагы экономикалык жана дипломатиялык алаканы өнүктүрүүгө салым кошуу. Бул институтту өнүктүрүүнү биздин өлкө жаңы деңгээлге көтөрүшү зарыл. Себеби, анын кызматынан элчилик ачыла элек жерлерде колдонуу ыңгайлуу, бюджеттен акча кетпейт, ардактуу консул акысыз иштейт, ошол өлкөгө жардам берип, салым кошот.

- Чехияга келип окуйм, иштейм дегендер эмнеге даяр болушу керек, кандай учурда алар кыйынчылыкка дуушар болушу ыктымал, кандай учурда ийгиликтерге жетише алат?

- Студент болом дегендер чех тилин жакшылап үйрөнүшү керек. Чех тилинде окуу жогорку окуу жайлары акысыз. Андан кийин жумуш таап кетсе болот. Студенттер окуп жүрүп иштей алат. Ал эми мигранттар мыйзам менен таанышып, https://migrant.kg/ru/ сайтынан чет өлкөгө жумушка орноштурууну убада кылган агенттиктер тууралуу так маалымат алып, анан келгени оң.

Автору: Рахат Кеңешова, "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин журналисти

Булак: "Азаттык" үналгысы

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн