Бүгүн, 15-декабрда Бишкекте футбол боюнча “Мурас” достук турниринин чейрек финалдык оюндары өттү.
"Газпром балдарга" дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо спорт комплексинде өтүп жаткан турнирге жалпы 16 команда катышып, жарым финалына төрт команда өттү:
— "Президенттин командасы";
— "Спорттук федерациялар";
— "Коопсуздук";
— "Достук".
Ал эми жарым финалда "Президенттин командасы" "Достук" менен беттешип, пенальти сериясында жеңишке жетишти.
"Президенттин командасы" финалда "Коопсуздук" жана "Спорт федерациялар" командасынын жеңүүчүсү менен ойнойт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн