РФнын Владивосток шаарында 2 миңге чукул үй-бүлө электр жарыгы жана суусуз калган. Мындан улам трамвай жана троллейбустардын каттамы токтотулган. Бул тууралуу ntv.ru жазып чыкты.
Көчөлөрдө унаалар муздун ичинде калып калганын көрүүгө болот.
Аталган шаарга Өзгөчө кырдаал киргизилген. Өзгөчө кырдаал министрлигинин кызматкерлери аймакта тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн