НАТОдо орус-украин согушу узак мөөнөткө созулушун каалаган өлкөлөр бар. Мындай пикирин Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу CNN Türk агенттигине берген маегинде билдирген.
Анын айтымында, Түркия азыр да Россия менен Украина ортосундагы жаңжалды токтотууга үмүт артууда.
"Түркия Европа жана АКШ жана башка өлкөлөрдүн катарына кошулуп Россияга киргизилген санкцияларды колдобойт. Анткени бул биздин ортомчулук милдетибизди жокко чыгарат.
НАТО уюмунун тышкы иштер министрлеринин акыркы жыйынынан кийин НАТОдо орус-украин согушу узак мөөнөткө созулушун каалаган өлкөлөр бар экенин билдим.
Алар согуш, кризис узак убакытка созулуп, Россиянын алсызданышын каалайт",- деди Чавушоглу.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн