Жетинин айы 25, 2024
Убакыт: 07:43
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

"Ош" аэропортунда 2 килограммдай алтынды мыйзамсыз алып өтүүгө аракеттенген 4 өзбек жараны кармалды

19.04.2022 14:19
593
"Ош" аэропортунда 2 килограммдай алтынды мыйзамсыз алып өтүүгө аракеттенген 4 өзбек жараны кармалды

Баалуу металдарды мыйзамсыз алып чыгуу аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.


2022-жылдын 19-апрелинде КР УКМК кызматкерлери жана Манас эл аралык аэрапорту (МЭА) ААКнын Ош филиалынын (ОФ) текшерүү кызматынын кызматкерлери, Түштүк-батыш бажысынын контрабандага каршы күрөшүү жана бажы жол-жоболорун бузуу башкармалыгы менен биргеликте контрабанда жолу менен баалуу металлдарды ташып келүүнү жана ташып чыгууну аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан контрчалгындоо иш-чараларынын алкагында “МЭА” ААКнын ОФнын чыгуучу залында сары түстөгү металдарды алып өтүү аракетине бөгөт коюлду.


2022-жылдын 14-апрелинде “МЭА” ААКнын ОФнын чыгуучу залында Ош-Бишкек багыты боюнча учууга аракет кылып бажы көзөмөлүнөн өтүү учурунда М.Л.К., М.Т.Т., Н.Н.К. жана М.Н.К. аттуу Өзбекстан Республикасынын жарандарынан сары металдан кол өнөрчүлүк менен жасалган буюмдар табылган. Болжол менен алтындан жасалган бул кол чынжырчалардын салмагы 1925,22 граммды түзөт.


Белгилей кетсек, жогоруда аталган адамдар Өзбекстандан Кыргыз Республикасынын аймагына “Достук” өткөрүү пункту аркылуу мамлекеттик чек араны кесип өтүп, алтын буюмдарын мыйзамсыз алып өтүшкөн.


Азыркы учурда жогоруда аталган адамдар кармалып, КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди, ошондой эле сотко чейинки тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн