"Күйөөмө таарынып, миграцияга жөнөдүм"
Өзүн Айгүл (аты өзгөртүлдү) деп тааныштырган келин 25 жашта. Ал былтыр жазында Оштон Польшага жиберүүчү фирмалардын бири менен бир жылга келишим түзүп келген. Ал айткандай, Польшада ойлогондой жумуш, эмгек акы болгон эмес:
"Бизге фирма навайканада иштейсиңер деп айткан. Ортомчу фирма тосуп алып эле шарттар буга чейин көрсөтүлгөндөй эмес экенин кабарлады. Башында Польшанын бир шаарына бардык. Ал жакта жашаган жерибиз, айлык акы мага жаккан жок. Биз менен келген башка мигранттар тил билбей, таанышы жок калып калды. Мен сураштырып отуруп, Краков шаарына жөнөп кеттим. Мен деле ага чейин тил үйрөнгөн эмесмин. Кайсыл жак болсо да, кетсем экен деп отургам. Бул фирманын жазганын окуп калып, дароо кайрылып, 3-4 ай визамды күтүп чыгып кеткем".
Айгүл кош бойлуу экенин Польшанын Краков шаарында иштеп жүргөндө билет. Ал Европага кеткенге чейин күйөөсү менен эки жолго түшкөнүн, ага таарынып чет жерге иштегени аттанганын айтып берди:
"Краковдо жашылча базасында иштеп калдым. Мен өңдүү тил билбегендердин көбү азык-түлүк ташып иштеп жаттык. Жумушум аябай оор болду. 40-50 кг каптарды ташыш керек эле. Ошол кезде кош бойлуу экенимди билдим. Талгактан кыйналып, жүдөдүм, ишке, автобуска кечигип калган күндөрүм болду. Жашылча базасында саатына 16 злотый ( 355 сом) төлөшчү. Ал акча тамак-аш, жашаган жеримден ашкан жок. Күйөөмө таарынып келе бергендиктен, алардан деле жардам сурагым келген жок. Боюмда бар экенин билгенде Кыргызстанга кетсемби деген оюм болгон. Бирок мен ортомчу фирмага 900 евро төлөгөм. Андан башка чыгымдарым 1000 евродон ашып кетти. Ошол акчанын ордун толуктамайын кетким келген жок. Ошондуктан жеңилирээк иш издей баштадым".
Айгүл курсактагы баласы менен иш издеп Польшанын Познань шаарына келет. Ал жерде кыргызстандык мигранттар менен таанышып, кийим таңгактаган фирмага ишке орношот. Көз жарган күнгө чейин ошол фирмада иштейт.
"Ал фирма төрт кызга жатакана же хостел берген. Ошол жерде жашап, иштеп жаттым. Ичим чыгып калганда, чогуу иштеген кыргыз кыздардан сурап, гинекологго көрүнө баштадым. 28-декабрда адаттагыдай түнкү үчтө туруп, ишке даярданып жаткам. Иш таңкы саат 5те башталмак. Толгоом келгенин ошондо сездим. Буга чейин эки балам бар болгондуктан, төрөт тууралуу түшүнүгүм бар эле. Дароо мени төрөтканага жиберишти. Ошондо Кыргызстандан алган камсыздандыруу кагазым бул жакта жарабайт экенин билдим. Мага фирма алып берген медициналык кагазды "туура эмес" деп дарыгерлер айтышты. Демек, мен төрөт үчүн 100 миң сомдун тегерегинде акча төлөшүм керек эле. Үч күндөн кийин төрөтканадан чыктым. Бирок мага баламды беришкен жок. Бул жерде мыйзам катуу иштейт экен. Алар бала менен жашоо шартыңды текшеребиз дешти. Мен жашаган хостелге келип, жумушчулар үчүн жатакана экенин көрүштү. Мага баламды алып кеткенге уруксат беришкен жок", - дейт Айгүл.
"Ишимден кете алган жокмун. Түнкү сменде иштеп, күндүзү төрөтканага каттап жаттым. Дарыгерлер бир күндө бир же эки жолу келип, эмизгенге уруксат беришти. Ошентип, баламдан бир ай оолак жашадым. Дарыгерлер мага убакыт берип, ошол учурда баламды алып кетпесем, аны ыктыярчыларга өткөрүп беребиз дешкен. Ушунчалык стресс болуп, бул жактан жардам издей баштадым".
Кол сунган журтташтар
Айгүлдүн сөзүнө караганда, Познандагы төрөткана төрөт жана уулун бир ай караганы үчүн 70 миң злотый ( 1,5 миллион сом тегереги) эсеп көрсөткөн. Бул акчаны чет жердеги журтташтар топтогон экен:
"Мага бул жакта жашаган кыргызстандык активисттер аябай чоң жардам көрсөтүштү. Алар аркылуу каражат топтолду. Мени мигранттарга колдоо көрсөткөн фондго алып барып, каражат таап беришти. Уулума паспортту Максат деген активист жигит Берлиндеги элчиликтен алып келди. Кыздарды колдогон "Данакер" уюму да акча топтоп, жардам берди. Журтташтарга абдан ыраазымын".
Ушул тапта Айгүл Познань шаарында эне-бала үчүн ачылган кризистик борбордо баш калкалап турат. Борборго мигрант келин соттун чечими менен жайгаштырылган.
"Кризистик борборго мага окшогон барар жери жок балалуу энелерди жайгаштырышат экен. Бул жакка сот убактылуу жашап турууга чечим чыгарды. Менин Польшада жашаганга уруксат визам бир аптадан кийин бүтөт. Бирок бул жактан чыгып, Кыргызстанга кетүүгө уруксатты кайра сот аркылуу алыш керек экен. Азыр миграция кызматына дагы бир ай визасыз турууга уруксат алуу үчүн кайрылдык. Жакын арада Кыргызстанга кетейин деп камданып жатам. Кайын журтум менен күйөөмөн эч жардам болгон жок".
"Өзүм араң келип, араң көз жарган аял катары башкаларга кеңеш бере албайм. Бирок башымдан өткөнүн баяндап, мигранттар жоопкерчиликтүү болсо дейт элем. Оболу камсыздандыруу кагазын тактап келишсе. Бул жактын мыйзамдары баары бир башка экен. Аларды сөзсүз аткаруу керек. Мага колдоо көрсөткөн журтташтар болуп, маселем чечилди. Эл жардам бербесе кандай күнгө туш болмок элем деп азыр да ойлонуп калам", - дейт Айгүл.
Польшада расмий маалымат боюнча кыргызстандыктардын саны 8000ден ашык. Алардын көбү бул өлкөгө билим алууга келген студенттер экени белгилүү.
Автор: Айгерим Акылбекова, "Азаттык" радиосунун кабарчысы
Булак: "Азаттык" үналгысы
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн