Бугу 19, 2024
Убакыт: 19:34
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

"Радуга" пансионатындагы мушташ боюнча кылмыш иши козголду

30.06.2022 12:37
477
"Радуга" пансионатындагы мушташ боюнча кылмыш иши козголду


29-июнда «Радуга» пансионатынын пляжында болгон мушташ фактысы боюнча Ысык-Көл РИИБнин тергөө кызматы тарабынан «Бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш иши козголду Бул тууралуу аталган башкармалыктан билдиришти.


Буга чейин маалымдалгандай, окуядан кийин Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнө 18 адам жеткирилген.


«Алгачкы тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө мушташка 11 жарандын түздөн-түз тиешеси бар экендиги, анын ичинде үч эс алуучу жана пансионаттын коопсуздук кызматынын сегиз кызматкери экендиги аныкталды», - деп айтылат милициянын маалыматында.


Тергөө кызматы козголгон кылмыш ишинин негизинде 34 жаштагы М.Э.ны убактылуу кармоочу жайга киргизген. Жаңжалдын башка катышуучуларына карата тергөө амалдары уланууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн