"Республика" партиясы Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороевдин партиядан чыгышы мүмкүн деген маалымат боюнча билдирүү таратты.
Ага ылайык, жергиликтүү басылмалар маалымат чындыкка дал келбейт.
"Мирлан Жээнчороев "Республика" партиясынан чыгып, башка партия менен шайлоого барат деген маалыматтар чындыкка дал келбейт",- деп билдирди партиядан.
Эске салсак, "Супер.кг" порталы Мирлан Жээнчороев "Республика" партиясынан чыгышы мүмкүн деген маалыматты өздүк булактарына таянып жазып чыккан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн