Бугу 12, 2024
Убакыт: 04:27
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Садыр Жапаровду жөн эле каралап жатышат

16.11.2020 16:24
596
Садыр Жапаровду жөн эле каралап жатышат


Калыстык үчүн баса белгилеп кетиш керек, парламенттик система менен партиялык башкаруу система эки башка категория. Акыркы күндөрү айрым саятсатчылар туура эмес маалыматты элге таратып жатышат. "Садыр Жапаров супер президенттик башкаруу системасын алып келет экен, бул демократиядан артка кайтуу, парламенттик башкарууну жоёт экен деп ж.б." мунун баары калп жана калктын сезимин манипуляциялоо.

1. Садыр Жапаров эч качан супер президенттик системаны орнотом деген эмес.


2. С.Жапаров айтты эл курултай системасын сунуштап жатат, бизге ПАРТИЯЛЫК башкаруу система жарабайт экен, депутаттарды тикелей-түз шайлайлы (Конституцияда жазылгандай).


3. Эгерде, курултай системасы киргизилсе Баш мыйзамга, анда премьер-министр кызматын аппараты менен толук жоюп, өлкө абалын эл шайлаган президентке толук жүктөп, жеке жоопкерчилигин көтөрөт. Жогорку Кеңештин курамын 41(45) адам менен чектеп, саясый оюндардын уюгуна айлантпай, жалаң мыйзам кабыл алуу менен гана милдеттендирилет. Кол тийбестик деген өлкө боюнча толук жоюлат. Президент, Жогорку Сот, Жогорку Кеңеш, Эсептөө Палатасы, Башкы прокурор жылына бир жолу элге, эл шайлаган элдик курултайга (1,5-2 миң делегатка онлайн режимде бир-эки жума отчёт беришет) өз иштери боюнча жооп берип, "канаатандырылсын" же "канаатандырылбасын" деген баа алуусун элдик Баш мыйзамга бекитет. Кыргызстан элин өлкөнү башкарууга жигердүү катышканга жол ачып бермейинче мамлекетибиздин абалын эч ким оңдой албаганын баса белгилейбиз (Бул демократия эмеспи? Бул демократиянын демократиясы деп эсептесе болот. Элдик бийлик орноп жатат!).


4. Супер президенттик эмес эле парламенттик башкаруу болот, эгерде элдик курултайды - эл өкүлү деп эсептесек.


5. Президент менен премьер-министр бир адам болсо да жылына элдин астында элдик курултайга жооп берет.


6. Эл президентти жана бийликте отургандарды ишине карап кызматтан ала алат.


7. Азыр болсо жоопкерчилик жок. Партияны жамынып алып итпай-чотпайлар, коррупционерлер (атасы, баласы, небереси) ЖКга келет. Депутаттар, өкмөт , президент элге отчёт бербейт. Аларды кетириш татаал, бийликтин бутактарынын ортосунда соодалаш бар, элге толугу менен баш ийишпейт . Ошол үчүн, Садыр Жапаров байлардын, уурулардын мамлекеттик саясий түзүлүшүн, мамлекеттик башкаруу системасын өзгөртүш керек деп айтканы туура. Элдик Баш мыйзам аркылуу элдик бийлик орнотуу.


Эрнест Карыбеков

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Бек
Мадумаровду караласа болот екен да анда?
Таа
Негизи парламенттик шайлоодон утуп келип прмьерликти аткарып анан президенттикке барганда зор болмок.Азыр тунгуюктан Мадумаров гана алып чыга алат