Бугу 16, 2024
Убакыт: 16:59
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

"Сырдуу дасторкондун" тарых-маңызы

31.05.2021 09:23
2926
"Сырдуу дасторкондун" тарых-маңызы


Мындан 10 жыл мурун үй-бүлөбүз менен Милан шаарына бардык. Ошол шаарда Санта-Мария-делле-Грацие деген монастрында Леонардо Да Винчинин Ultima cena деген "Сырдуу дасторкон" же "Акыркы дасторкон" деген атактуу картинасы бар деп уккан элем. Акыры барып ошол атактуу картинаны көргөнбүз. Анын эң кызык кыскача тарых-маңызы төмөнкүчө болчу. Кеп ошол туурасында. 


Ultima cena (ультима чэна)


Билек түрүп максаттарга киресиң. Аяр болуп, бооруң төшөп тууган күтөсүң, мээрим төгүп досчулукту ойлойсуң, олтуруп алып кат жазасың же камынып аларга жолго чыгасың. Билек түрүп жакшылыкка киришесиң. Аянбай дасторкон жазасың. Чачыласың. Төгүлөсүң. Бирок да жашоо ушундай, күндөрдүн бири дал ошолордун бирөөнөн жонуңа канжар жейсиң. Дал өзүңдүн чөйрөңдөн. Канжар сени көпкө өлтүрбөйт, аны сайган ким экенин көргөндө армандын кайгысынан мүрт өлөсүң… 


Айтылуу Леонардо Да Винчинин картинасын эстейсиң. Ал: Ultima cena деп аталат. Аны «Сырдуу дасторкон» же акыркы дасторкон деп которсоң болот. Иисус Христос өзүнүн 12 жан жолдошу, апостолу менен кечки сый тамакта олтурат. Өзү так ортодо. Жүзү муңайым, өңү муңайым. Анткени ал билет, ичинен даана билип турат: ушул кечте аны ушул олтурган 12 шеригинин бирөөсү аны сатаарын, сатып кетээрин, ошонун айынан бүгүн өзү өлөөрүн ал беш колдой билип турган болот. Өзү билет ушул кеч анын, Иисустун жер бетинде жашай турган эң акыркы күнү экенин. Иисус мына ошого капа. Акыры Иисус айтат: «Мени бүгүн араңарда бирөөңөр сатканы турасыңар!» дейт. 12 апостол ошол сөздү жаңы укканда алардын кимиси кандай реакция кылган? Сүрөт мына дал ошол ирмем жөнүндө… Ошондогу алардын элеси жөнүндө. Эң жаманы Иисус билет ал саткын ким экенин. Канжар кимисинин колу аркылуу сайылаарын. Ошол үчүн ал анын Жерде бар акыркы күнү…


Жеңишбек Эдигеев, журналист 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн