Чүй облусундагы Аламүдүн суусуна түшүп кеткен кыз 22 күндөн бери табылбай жатат. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, окуя 15-август күнү "Теплые ключи" эс алуу жайында катталган. Аламүдүн районундагы Аламүдүн суусуна 1994-жылы туулган кыз түшүп кеткен.
Кечээ, 6-сентябрда издөө иштерин улантуу максатында ӨКМден жалпы 16 куткаруучу тартылып, издөө иштери жүргөн. Бүгүн, 7-сентябрда дагы издөө иштери улантылат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн