Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 02:42
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

"Улуу көчмөндөр мурасы" 4 жерден алтын кенин казууга лицензия алды (тизме)

20.07.2022 10:16
784
"Улуу көчмөндөр мурасы" 4 жерден алтын кенин казууга лицензия алды (тизме)


"Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдинги Кыргызстандын төрт жеринен алтын казуу үчүн геологиялык чалгындоо иштерине лицензия алды. Бул тууралуу жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова билдирди.

"Алар Андаш, Талды-Булак, Кутессай-2 жана Күрмөнтү кендерине уруксат алды. Дагы 12ге жакын табыштама жиберген, алар учурда каралып жатат. Жаратылыш ресурстарына доо кетире турган жерлерге туш келсе, аны четке кагып жатабыз", — деди Кутманова.

Ошондой эле ал холдинг Тоголок алтын кенин казууга уруксат сураганын белгиледи. Бирок кен мөңгүлөрдүн зонасында жайгашкандыктан министрлик лицензия берүүдөн баш тарткан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн