Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 01:25
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

"Визага 22 миң доллар бергем". АКШга барам деп алдангандар

14.04.2024 16:20
262
"Визага 22 миң доллар бергем". АКШга барам деп алдангандар


Украинада согуш башталгандан бери Борбор Азиядан Орусияга барган миграциянын чоң агымы башка багыттарга бурулууда. Анын ичинен АКШга барып иштөөгө умтулгандар көбөйдү. 

Арасында АКШга барам деп алданып, ара жолдо калган кыргызстандык мигранттар тууралуу сөз кылабыз. Айрымдары виза алып берем дегендерге үйүн сатып, насыя алып төгүшкөнүн айтып жатышат.

"Азыр үй-бүлөлүүлөргө жакшы вариант болуп жатат, эрте келе калыңыз дегенинен учуп баргам да (Түркияга - ред.). Ал акчаны мен жашап жаткан батиримди сатып анан бергем".

Кыргызстандык Мелис Айтиев - Америкага оңой жана коопсуз жолдор аркылуу жетүүгө жардам берем дегендерге кызылдай акчасын карматып, алданып калган ондогон адамдардын бири. Ал эки жылдай Кошмо Штаттарына кетүүнү пландап, маалымат чогултуп жүргөн экен.

"Телеграм-каналдардан аябай жарнама кылышкан. Америкага жеткен досум ушулар менен барганын, документин жасап, билетин алып берип бир жумада учурганын айтып калды. Бул жактагы өкүлдөрүнө жолуктум, маалымат алдым. Бардыгы жакшы, кепилдик беребиз дешти. Ага дагы ишенбей Стамбулдагы жиберип жаткандар менен түз байланыштым. Ал азыр үй-бүлөлүүлөргө жакшы болуп жатат дегенинен 12-февралда келинчегим, эки балам менен Түркияга учуп бардык. "Топ капы" деген мейманканага жеткирип, 22 миң доллар болот деди. Жарымын берип турбаймынбы десем, Салтанат деген кыз эртең билет алабыз деди. Дастан аттуу баланы жолдошум деп айтты. Акча бергенибизди видеого тартып алганбыз. "Бир жума ичинде учуп кетишиңер мумкүн, азыр ошондой жакшы болуп жатат" деди. Эртеси күнү эле "жолдошум авария болуп комада, өзүн билбей, өтө жаман болуп жатат" деди. Аны деле түшүнгөнгө аракет кылдык. Кийин комага эмес, түрмөгө түшүп калды деп сөзүн жаңыртып жатпайбы. Көрсө, булар кыргыздарды алдап көнүп калыптыр. Ал жерде бир ай жаткандан кийин Манас аттуу досу келип, бир жума ичинде учурам деп убада кылды. Андан кийин байланышка дагы чыккан жок. Виза жасап берем деген. Башкаларга виза жасап, билет алып бергенин көрсөтүп мактанып кеткен. Кийин визасы жасалма экени аныкталып, Түркиядан, Стамбулдан учурбай койду".

Мелистин айтымында, Америкага барам деп аты аталгандарга акчасын берген башка дагы адамдар мейманканадан бөлөк бир үйгө жайгаштырылган. Берген акчасын талап кылган учурда коркутууларга дуушар болушканын айтып берди.

"Түркиядан кайра Кыргызстанга кетип калышыбыз үчүн ар кандай жолдорду колдонушту. Акчаны кайтарып бергиле, жок дегенде үйгө жетели десең, түндө түрк тилинде белгисиз бирөөлөр "сени өлтүрүп кетебиз, минтип кетебиз" деп чалышат. Бөтөн жерде коркутууларга кабылып, акчабызды дагы алдырып кайра кайттык. Чоң балам эки жарым, кичүүсү бир жарым жашта. Балдарым менен тобокелдикке барып кыйналбайын деп айткам. Алар Мексикага виза алып беребиз, андан ары кирип кетесиңер деген. Азыр эми Салтанат дегени "кыйналып жатам, телефонго жооп бере албайм, Дастан жооп берет" деп жазып жатат".

Мелис Айтиевдин үй-бүлөсү Америкага кетиш үчүн 22 миң доллар берген. Ар бир киши башына 7,5 миң доллардан эсептелип, бир жаштагы баласы үчүн миң доллар бергенин айтты. Мелис Салтанат аттуу аялга акча берип жатканын тартып алган видеону көрсөттү.

Бул окуядан көп өтпөй ушул ишке жооптуу экени айтылган Дастан Рустам уулу Түркияда миграциялык мыйзамдарды бузганы үчүн кармалып, Кыргызстанга депортацияланганы белгилүү болгон. Ал дароо эле "Манас" аэропортунан кармалып, Ошко жеткирилген.

Ош шаардык милициясынын маалыматына караганда, шектүү 2018-жылдан бери издөөдө жүргөн. Маалыматта 33 жаштагы Дастан Рустам уулу ошол кезде Ош шаарынын эки тургунунан 4,5 млн сом карызга алып, изин жашырып, Түркияга качып кеткени айтылган.

"Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын берген маалыматында, шектүүгө алданып, жабыркаган жарандар Бишкек шаарында дагы ондоп саналат", - деп айтылат маалыматта.

Мелис Айтиев атын атаган адамдар менен байланышуу аракетибизден майнап чыккан жок.

Ушул эле топко алдандым дегендер 60тай киши экени айтылууда. Бишкекте Дастан Рустам уулунун үстүнөн 20дан ашуун киши арыз жазган. Алардын бири Самат (аты белгилүү бир себептерден улам өзгөртүлдү) акчаны Дастандын иниси Абдырасул Рустам уулу аркылуу берген. (Аны көпчүлүгү Расул деп аташат экен - ред.).

"Тыйынды ишенип берип алганбыз. Андан кийин башка аракет кыла албайсың, алардын айткан сөзүнө көнүшүң керек. Аэропортко барасың, каякка уча турганыңды да билбейсиң. Алгач Анталияга билетти жиберет, андан ары Испанияга, Барселонага учуп бардык. Андан ары Колумбияга, Боготага бардык. Ал жактан күтүү убактыбыз 21 саат болуп калды. (Күтүү убактысы 8 сааттан ашпоого тийиш-ред.) Сегиз сааттан ашык болбош керек экен. 10 сааттан кийин миграция кызматындагылар келип кармап, камап салды. Салтанатка, Нурланга чалдык. Жеткенден кийин телефонун албайт, жооп бербейт. Ошентип кайра учуп келдик. Эки-үч күндөй жолубуз аба майданда өттү. Биз негизи Испаниядан Боготага эмес, башка мамлекетке учуп кетишибиз керек эле. Жасалма виза беришкен. Ушундай бир система түзүп алышкан. Бизден мурда дагы бир топ кишилерди, эшалон кылып эле жөнөтө берген. Ушундай учурларды эч кимге айта албайсың. Биз мурда маалымат алып, сүйлөшүп аткан Телеграм-каналдар бар, ал жакка жакпаган сөз жазсаң эле блоктоп койот. Бизге окшоп күйгөндөрдү кийин жолуктук, "мурдараак айтып койсоңор болмок, кечээ акчасын берип алдык" эле дешет. Бирден-экиден учуп, кирип аткандар болгон. Ошолордой болуп мен дагы кирип кетемби деп ойлойсуң да. "Жибек-Жолу", "Туристы" деген каналдар бар. Ал жакта такыр башкача эле сүйлөшөт. Ал жерде өздөрүнүн адамдары отурганын кийин билдик да. Мен өзүм иниси Абдырасул дегенге бергем. Ал "Умрасервис" деген компанияда иштейт экен. Өздөрүнүн тиркемелери дагы бар. Алар жарнамада эки жерди кеңсебиз деп көрсөтүп койгон, бирок экөө тең жабык болуп жатат".

Самат айткан Нурлан алты жылдан бери издөөдө жүрүп кармалган Дастан Рустам уулу экен. Ал башкалар менен Нурлан деп таанышканын бизге маек бергендер айтышты. Алдандым дегендердин көбү иниси Абдырасулга же Салтанат аттуу аялга акча беришкен. Алар алган акчасын Дастан Рустам уулуна беришкенин айткан. Акча бергендердин көбү Дастан менен көзмө-көз жолукпаса дагы, телефондон байланышып, убадасын алышканын айтышууда.

"Азаттык" акча маселесинде аты аталып жаткан Дастан Рустам уулунун иниси Абдырасул (же Расул Рустам уулу) менен байланышты. Ал кардарлар жана агасы сурангандыктан акчаны алып, которуп турганын ырастап жатат.

"Байкем өзү менин билишим боюнча билет алып берет эле. Жыл башында паспортунун мөөнөтү бүтүп калып, Стамбулда миграциялык бөлүмгө кирип калды. Ал жерде 40 күндөй отуруп калганы үчүн виза жасаганга, билет алганга жана башка иштерди кылганга башка адам жок болуп иштери токтоп калды. Мен дагы ал жакка кийлигишпейт болчумун. Болгону кардарлардын жана байкемдин суранычы менен акчаны алып каргодон которуп койчумун. Калган виза, билет маселесин мен билбейм. Ушул кардарыңыз келди деп эле акчасын берчүмүн. Толук маалыматты мен дагы билбейм. Биз деле ушул иштер башталып кеткенден кийин гана чоо-жайын билип, арыз жазгандардан гана угуп жатабыз. Байкем менен сүйлөшө элекпиз. Болгону кырсыктап, азыр кетире албай калды. Байкем качкан деле жок, арыз жазгандардын айрымдары үч-төрт жолу учуп, кайтып келишкен. Анан кандай кепилдик берилгени эки адамдын ортосунда кандай сүйлөшүү болгон, ал белгисиз".

Расулдун айтымында, агасы Америкага кетем дегендерге 1,5 жылдан бери билет, виза жагынан жардам берип келген. Ошол убактан бери канча адам АКШга жеткени же орто жолдо калганы белгисиз. Акча алып жатканда кандайдыр бир далил кагаз же чек берилген эмес.

Мындан сырткары ушул эле топко алдандык дегендер милицияга арыз жазганын ырасташып, бирок ачык айтып берүүдөн карманышты.

Бишкектин Ленин райондук ички бөлүмүнүн тергөөчүсү, милициянын майору Лира Жыргалбекова бул иш боюнча 20га чукул киши кайрылганын "Азаттыкка" ырастап, тергөө жүрүп жатканын билдирди. Учурда бул ишке тийиштүүлөр аныкталган.

"Бизге арыз жазгандардын айтымында, жалпысынан 50дөй адам бар. Азыр 20га жакын адам кайрылды. Дагы деле арыз жазып жатат. Шектүү азыр Ошто кармалган. Соттук процесстин бүтүшүн күтүп жатабыз. Арыздарда ар кандай белгиленген, айрымдарын Никарагуа, айрымдарын Мексика аркылуу өткөрөбүз деген, ким менен кандай сүйлөшкөнүнө жараша. Киши башына 7,5 миң доллар беришиптир. Жалгыз бир кишиге бергендер, үй-бүлө үчүн деп бергендер дагы бар. Иш жаңы козголуп, тергөө жаңы эле башталды. Азыр аны менен байланыштуулар аныкталды, негизги шектүүнү сурагандан кийин калгандары белгилүү болот".

Учурда Дастан Рустам уулунун биринчи иши боюнча Ош шаардык сотунда өндүрүшкө алынып, 18-апрелде отурум болот деп күтүлүүдө. Ошого чейин Бишкектеги иши токтоп турганы айтылды.

Орусия Украинага согуш ачкандан бери бул өлкөгө барган Борбор Азиядагы миграциянын күргүштөгөн агымы башка багыттарга бурулууда. АКШга Европага оңой виза алып берем, визаны кандай алуу керектигин айтып кеңеш берем деген компаниялар көбөйдү. Кандай жол менен болсо дагы бул өлкөгө кирүүгө аракет кылып, минтип ара жолдо калгандар дагы жок эмес. Мексика же Африка өлкөлөрү аркылуу өтүүнү көздөп, жолдон ар кандай кыйынчылыкка туш болгондорду буга чейин "Азаттык" көрсөткөн.

Учурда Америкада жашап жаткан кыргызстандык Анарбек Ташиев соңку учурда АКШга жөнөтөм деп алдагандар көбөйгөнүн белгиледи:


"Акыркы учурда кээ бир адамдар жеңил акча табуу максатында Телеграм-тайпалар аркылуу жолдорун үйрөтүп, ушунча акча берсеңиз мен сизди өткөрөм деп айтат экен. Акчасын алган адамдар кайсыл жол менен өтөт, ошонун маршрутун гана айтат, практикалык жактан жардам бербейт, чогуу жүрбөйт. Алар Түркияга учат, шенген визасын алат, башка документтерин даярдайт, полицияга түшүп депортация болушу мүмкүн. Бешенеси ачылып, азап-тозоктон өтүп кетсе, акчаны алган адам "мен өткөрдүм" дейт экен. Ошентип келгендер дагы бар. Келгендер алардын пайдасы тийбейт экен дешет. Алданып калган адам эч кимге айта албай көмүскөдө кала берет. Ушунчалык тобокел менен Америкага келүүнүн чыгымы анчалыкка турбастыгын айткандар дагы бар. Мурдатан Америкага келип алгандардын турмушу чындыгында жакшы. Бирок алар тынбай эмгектенет. Америка күчтүү, талантуу адамдарга муктаж. Ошондой адамдар бул жакта өнүп-өсүп кетет. Ким болсо дагы мыйзамдуу келгени жакшы. Быйылкы маалымат боюнча 7 миң адамдын соту каралат деп жатат. Бул Кыргызстандын 7 миң жараны да. Алар болгондо дагы ден соолугу чың, акылы толук, өлкөгө чоң киреше, пайда алып келе турган жарандарыбыз. Ошондуктан муну мамелкеттик деңгээлде карап, мыйзамдуу миграцияга келе тургандай шарт түзүшү керек".

АКШнын Гавайи аралында жашаган Сloud-инженер Бакыт Абдишов виза алуунун мыйзамдуу жолдорун айтып, анын баасы алдангандар берген суммадан кыйла арзан экенин белгиледи.

"Визага өз алдынча Американын Кыргызстандагы элчилиги аркылуу тапшырса болот ар бир адам, экинчиден атайын жардам берген компаниялар аркылуу. Алар документтерин даярдаганга, тил үйрөтүп жардам берет. Көрсөткөн кызматтын баасы деле өтө кымбат болбошу керек. Алар деле эч убакта кепилдик бере албайт. Эгер кепилдик берем десе шылуундар алдап жаткан болот. Анткени элчиликтин ишине эч ким кийлигише албайт. Визага документ тапшырган адам англисче үйрөнүп, жок дегенде бир кесипке ээ болушу керек. IT кесибин үйрөнүп алган жакшы. Азыр Мексика аркылуу, башка жолдор менен жөнөтөм деген адамдар дагы болууда. Ошол жерден бизнес кылып, оңой акча кылам деп капталдан чыккан адамдар шылуундук кылып кетүүдө. Өзгөчө пирамида менен алектенгендер, шылуундар адамдардын психологиясын жакшы түшүнөт жана шаштырат. Бүгүн акчаны бербесең Америкага барбай каласың дегендер шылуундар экенин билип койсо болот".

ИИМдин маалыматында, быйыл үч ай ичинде Мыйзамсыз миграцияны, мигранттарды мыйзамсыз алып келүүнү (алып чыгууну) уюштуруу беренеси менен 59 факт катталган. Бул беренеге ылайык, айыпталуучу мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылат.

Ошол эле учурда чет өлкөгө жумушка барууну каалагандардын жана жумушка орноштуруу кызматын көрсөткөн ишканалардын саны да өскөн. Чет өлкөдөн иш таап берүүнү убада кылган компанияларга алданып, нааразы болгон учурлар катталууда. Миграция министрлиги атайын лицензия алган, Кыргызстанда катталган компаниялар аркылуу кетүүнү сунуштап жатат.

Автор: Канымгүл Элкеева, "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти

Булак: “Азаттык” үналгысы

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн