Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 12:31
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

"Жаңы министрлер кабинети узак убакытка иштейт деп үмүт кылам",- президент

13.10.2021 17:41
961
"Жаңы министрлер кабинети узак убакытка иштейт деп үмүт кылам",- президент

Бүгүн Жогорку Кеңеште министрлер кабинетинин жаңы курамы каралып, жактырылып, андан соң ант беришти. Ант берүүгө катышкан Садыр Жапаров сөз сүйлөдү.


"Урматтуу эл өкүлдөрү, министрлер кабинети менен президенттик администрациянын жаңы курамы толук куралып бүттү, сиздер менен кеңешилди. Мен өткөн жылы чоң жоопкерчиликти моюнума алгам, мен ал жолдон кайтпайм, эл мага таянса, мен элге таянам.


Бири-бирибизди сындап отурган мезгил өттү, азыр баарыбыз биригип мамлекеттин өнүгүүсү үчүн иштейли. Кетмен чаппай нан кайда дегендей, баарыбыз күжүрмөн иштейбиз деп ишенем.


30 жылда 35 өкмөт башчы алмашып кетти, бул өкмөт узак мөөнөткө, туруктуу иштейт деп үмүт кылам", - деди Жапаров.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн