Чын курандын 23, 2024
Убакыт: 19:03
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

"Жок дегенде жашымды сыйла!", "Жакшына сүйлөңүз!". Жогорку Кеңештин депутаттары айтыша кетти

18.05.2022 16:01
1023
"Жок дегенде жашымды сыйла!", "Жакшына сүйлөңүз!". Жогорку Кеңештин депутаттары айтыша кетти

Бүгүн, 18-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Султанбай Айжигитов менен Марлен Маматалиев айтыша кетти.


Алардын чырына Марлен Маматалиев баштаган 20 адам сунуштаган мыйзам долбоору себеп болду.


Мыйзамга Султанбай Айжигитов каршы чыгып, кен байлыктарды иштетүүдө мамлекеттин үлүшү 30 пайыз болбош керек деди.


Ага Марлен Маматалиев жооп берип: "Биз 30 пайыз болсун деген жокпуз, кеминде 30 пайыз болушу керек деп жатабыз",- деди.


Депутат Айжигитов андан анын сөзүн бөлбөөнү суранды: "Сиз сүйлөгөндө биз уктук. Эми сиз угуп туруңуз. Жок дегенде жашымды сыйла",-деди.


"Жашыңызды сыйлап келгенбиз, жакшына сүйлөңүз!",- деди.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн