Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 04:25
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

"Жолон Мамытовдун табылгалары кыргыз поэзиясынын гана эмес, жалпы түрк тилдүү элдердин поэзиясынын көркөм-эстетикалык табылгалары"

23.11.2022 16:13
2237
"Жолон Мамытовдун табылгалары кыргыз поэзиясынын гана эмес, жалпы түрк тилдүү элдердин поэзиясынын көркөм-эстетикалык табылгалары"



Кыргыз адабиятына опол тоодой салым кошкон жазуучу, акын, котормочу Жолон Мамытов тууралуу китеп  түрк тилине которулду.


Жолон Мамытовдун поэзиясынын түрк элдеринин адабиятынан алган орду 



                             

        Кыргыз жана түрк эли түбү бир эл катары фольклордук чыгармаларынан тартып, бүгүнкү адабиятына чейин окшош жалпылыктар көп экендигин көрүүгө болот. Эки элдин тарыхында, тилинде, этногенезинде, маданиятында, психологиясында, тутунган ишенимдеринде жакындыктыктарды далилдеген фактылар өтө арбын. Бул элдердин Махмуд Кашкаринин «Дивани лугат ат турк», Жусуп Баласагындын «Кут алчу билим» сыяктуу жалпы орток мурастары сакталып келүүсү бекеринен эмес. Ушул сыяктуу ар бир доордун рухун камтыган түрк тилдүү элдердин улуу таланттарынын чыгармалары түрк адабий казынасын байытаары бышык. Поэзиянын алптары катары айтылып келген түрк акындары Каражаоглан, Рухсати, Дадалоглу, Шенлик жана Ашык Вейсел, кыргыз акындары Жеңижок, Токтогул, Калык, Барпы, Осмонкулдун ырларында форма жана мазмундук жалпылыктар бар экендигин көрсөк, кийинчерээк жазма акындар Назым Хикмет, Орхан Вели Каныс, Мелих Джевдет Андрай, Октай Рифат Хозоджу, кыргыздардан Аалы Токомбаев, Алыкул Осмонов, Жоомарт Бөкөнбаев, Жолон Мамытов, Сүйүнбай Эралиев ж.б. акындардын көркөм-эстетикалык, рухий-маданий өнүгүүсү, ырларынын идеялык-тематикалык обьектилеринин окшош экендигин байкайбыз. Алар түрк оозеки чыгармачылыгынан баштап, учур адабиятына чейин чагылат жана улам жаңы баскычтарга өнүгүп отурат.

         Орус окумуштуусу Трубецкой 1925-жылы Берлинде чыккан «Евразийский временник» аттуу жыйнакка «О туранском элементе в русской культуре» макаласын баскан эле. Мында ал, түрк тилдери бири-бирине жакын болоорун айтып, тилдик эрежелери бир жалпы законго баш иери, түрк тилдери рудиментардык жана жөнөкөй материалдарга таянган типтүү схемалар түрүндө жашаары, түрк тилдеринин поэтикалык түзүлүшү муун санына негизделип, комлекстүү параллелизмдин негизинде түзүлөөрүн көрсөткөн. 

    ХХ кылымдын экинчи чейрегинде Түркия сыяктуу Кыргызстанда да профессионалдык поэзиянын жаңы бийиктиктерге чыгуу доору башталган. Назым Хикмет өңдүү түрк акыны дүйнөлүк адабияттын үлгүсүн сиңирип, түрк поэзиясын жаңы тепкичке көтөрсө, кыргыз профессионал поэзиясын Жолон Мамытовдой акындар мазмундук жана формалдык, көркөм-эстетикалык жаңы баскычка чыгарды.   

      Акын Жолон Мамытов поэзия майданында өзүнүн үнү, жеке өзүнө тиешелүү стили, тактап айтканда тилдик каражаттарды иштетүү сабаты, жаңычыл салыштыруулары, күтүлбөгөн метафоралары, ассоциациялары, ыр куруудагы жана философиялык ой айтуу өзгөчөлүгү, бийик дүйнө туюму, поэтикалык изденүүсү менен келди. Алгачкы ырларында эле поэтикалык хордон өз добушу менен бөлүнүп чыгуу керек экендигин айтканы бар:

                             Өзүмдүн, сенин, анын, баарысынын

                             саптарын калдым жээрип. Эми жалгыз

                             кетемин.

                                             Жетеминби, жетпейминби,

                             дайрадан өтөмүнбү куш өтө алгыс.

Жогорудагы сабындай Жолон Мамытов өткөн кылымдын 60-жылдарынан тартып кыргыз журтчулугуна акын катары таанылган соңку муун өкүлдөрүнүн ичинен чыгармаларынын башкаларга окшобогон оригиналдуулугу менен алдыга суурулуп чыга алды. Анын индивидуалдык табылгалары кыргыз поэзиясынын гана эмес, жалпы түрк тилдүү элдердин поэзиясынын көркөм-эстетикалык табылгалары болду десем жанылышпайм. Ал түрк тилдүү элдердин адабиятынан татыктуу ордун тапты. 

        Акындын дээрлик ар бир ыры кыргыз дүйнөсүнүн ички-тышкы феноменин чагылдырып, жыйынтыгында өз учурунда фиксацияланган улуу көркөм туундуга өсүп чыгат. Бул анын көркөм адабияттын маани-маңызын, максат-миссиясын таасын тааныган сүрөткер экендигин дааналап берет. Акындын заманбап канон-каадаларга түшпөй, дүйнөлук адабий жана маданий туунду үлгүлөргө умтулганы, ошол алкактан туруп накта өзүнүн үнүн бере алышы — анын талантынын көрүнүшү, талыбай изденген изденүүчүлүгүнүн, эмгекчилдигинин жемиши. Акындын мындай нукура табияты, бийик эңсөөлөрү, чыгармачыл руху тээ жаш кезинен курчап турган дүйнөнүн рух ааламынан азык алып, тамыр жайган. Акын поэзиядагы бийик өмүрүн кыска убакытта жашап өттү. Анын ырларынын тулку музыкалуулука шыкалган. Кайсы ырынын тексттин албайлы обон менен ырдалып кетчүдөй. Ошондуктан да «Издейм сени», «Кетесиңби сулуу кыз мени менен», «5»б класста», «Кусалык» сыяктуу ырлары ар бир кыргыздын жүрөгүндө ырдалат. Түрк адабиятында да поэзия өзүнүн музыка жандуулугу менен өлчөнүп, бааланып журушу бекеринен эмес болсо керек. 

        Жолон Мамытовдун алгачкы китеби болгон «Отту сүйөм» жыйнагына чыккан ырларынын мазмундук өзгөчөлүгү кыргыз адабиятына, ошондой эле канчалаган акындардын поэтикалык тагдырына бурулуш болгон. Акындын салттуу поэтикалык алкактан чыгып, сүрөттөөнүн, образ түзүүнүн мазмундук-формалдык жаны деңгээлинде сүрөткердик даремет менен келип кирди. Руханий жактан бөтөнчө татаал заманда поэзияда терең лиризмди өнүктүрүү менен ички дүйнөгө таасирдүү чыгармаларды жаратып, кыргыз поэзиясында, деги эле түрк тилдүү поэзияга жаңы идеалык-эстетикалык көркөмдүк өнүгүүнүн багыттарын белгиледи. Түрк тилдүү элдердин поэзиясынын өнүгүшүндөгү алдыңкы, үлгүлүү сүрөткер боло алды.  

     Жолон Мамытовдогу айрым өзгөчөлүктөрдү Назым Хикметке окшоштурууга болот. Экөө тең Москвадан билим алышты, улуттук поэзияларын батыш-чыгыш синтезиндеги өзгөчө ыргак менен байытышты. Эки элдин поэтикасындагы форма менен мазмунду түп тамыры менен жаңылашты. 

                   Ата Журтум, Ата Журтум, Ата Журтум!

                   Калбады сенде кийген баш киймимен,

                   Өлчөгөн жолдоруңду бут киймимен.

                   Мен сенден кийип чыккан бешмантым да

                   эскирди, дал-дал кетти, түштү ийнимен.

                             (Назым Хикмет. «Ата Журтум». Которгон Салижан Жигитов)

                     Биз өмүрү коротобуз эркинче,

                     соодагердей жашабайбыз майдалап.

                     Кайсы жайда калк кайгыдан мертинсе,

                     Дал ошол жер Ата журтка айланат.

                                     Жолон Мамытов   


                   Ата журтум, бүтпөс ырым өзүңсүң,

                   Өмүр сен деп, жүрөк сен деп эзилсин.

                   Даңкан жарган кылымдардын урааны,

                   Ар бир баскан урааныңдан сезилсин.

                           (Жолон Мамытов «Ата журт»)    

          


        Эки мамлекеттин, эки улуттун акындары болгон менен, мекен, сүйүү, өмүр, өлүм темалары да окшош. Эки акындын тең ырлары идеялык-тематикалык бөтөнчөлүккө, масштабдуулукка ээ (Уландысы бар).


Гулзар Абдимиталипова, Филология илимдеринин кандидаты 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн