Бир сутка ичинде өлкө боюнча 25 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Жаңы учурлар:
• Бишкек ш. – 2;
• Ош ш. – 4;
• Ош облусунда – 6;
• Жалал-Абад облусунда – 6;
• Талас облусунда – 1;
• Баткен облусунда – 6.
Ал эми бир суткада 6 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары үй карантининен 44 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 2768 учур катталды, алардын ичинен 1714 медкызматкер айыкты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн