Кыргызстанда өткөн сутка ичинде COVID-19 илдетинен беш адам каза болду. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Маалым болгондой, Ош облусунда 3, Нарын облусунда 1, Бишкек шаарында 1 адам коронавирустан улам каза болгон.
Учурда стационарларда 2353 бейтап, ал эми 2049 бейтап амбулатордук дарылануудан өтүп жатат.
Кыргызстан пандемия башталгандан бери коронавирустан жалпы 1108 адам каза болду.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн