Бугу 19, 2024
Убакыт: 07:13
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кудайдын назары Садыр Жапаровго эле түшүп турат

01.12.2020 13:58
1695
Кудайдын назары Садыр Жапаровго эле түшүп турат
Ачуум менен Садыкты бир челип алгам. Ан үчүн кечирим деле сурабайм. Себеби ар нерсенин кайсы бир деңгээлде жообу болуш керек. Бирок ачык айтылган жана айтылбаган жүйөөлөрдүн баарын салыштырып көрүп ал эң туура чечим кабыл алганына көзүм жетти. Кудайдын назары түшпөгөн киши хан болбойт. Азыр Кудайдын назары Шамсуддин аалымдын айтымында Садыр Жапаровго эле түшүп турат. Агымга каршы сүзүп пайда тапканды көрө элекпиз. Садыктын акыркы чечиминен кийин эле укмуштай кер-мур айтышууга чейин жетти, шайлоонун аягына барса чындап ит жебеген бокту жешмей болмок. Ошого жеткирбей талапкерлигин өз учурунда алып коюудан маданиятчыл Садыктын маданий наркы гана көрүндү. Саясий соодалашуунун предмети маданият чөйрөсүнө Садыр Жапаровдун бийлигинин жакшы мамлесинин убадасын алуу болгону айтылды. Буга чейин жаңы бийликтин бу багыттагы эч нерсесин уга элек элек. Малга тең болбой калган маданияттын, итке тең болбой калган интеллигенциянын заманында ушу да чоң жеңиш.

Ошентсе да оомат деген Кудайдан болооруна азыр көптүн көзү жетип турган учур. Бүтүндөй элдин назары Садыр Жапаровго бурулуп турат. Буга биринчи кезекте отуз жылдан бери элдин кускусун келтирип бүткөн чирик-чимкирик саясатчылар кызмат кылды. Ушулардын кимисинен болсо да жаман-жакшыны кокосуна чейин көрүп калган Садыр артык деп туруп алышты.

Ооба, элден ыйык, элден бийик, элден керемет эмне бар! Элден айланалы. Арамдык, куйтулук деген көрпенделик нерселер элге келгенде иштебей калат. Ишеним артса эч нерсеңди карабай ишенет, кечирем десе эмне күнөөң болсо да кечирет. Мындай укмуш нерсе маңдайына жазылган бар, жазылбаган бар. Бирок ошол дөөлөттү көтөрө алган бар, көтөрө албаган бар.

Бир икая эске келет. Бирөөлөр балбан багышыптыр, жалаң чүйгүндөп күнү-түнү тамак берип. Сулуу-сулуу келин-кесекке тейлетип. Анан болжогон күн келип, күрөшкө сала келишсе баягы балбан жыгылып калат. Ошондо аны бордогондордун бири калбай сөгөт дейт балбанды шыпырылтып: "Чучук, казы-карта жебей балакет эле жесең болмок!?", "Кымыз менен бозо ичпей мээнет эле ичип калбайт белең?!. - дешип.

Анын сыңарындай ишенимдин артында, ооматтын соңунда эбегейсиз зор жоопкерчилик бар. Ошонун бири дээрлик мусаапырга айланган илимий-чыгармачыл интеллигенциянын абалы. Ошол чөйрө жайында болсо нарк билген, сөз баккан, жүйөөгө муюп, акыл-эс менен өнүккөн коомго айланабыз. Болбосо бири-бирибизди укпай итче тытышкан, ошентип жүрүп мамлекет деген эң чоң дөөлөтүнөн да куру жалак калган ар-намызсыз акмак элдин мисалы болобуз.

Бейшенбек Бекешов, журналист

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн