Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 18:05
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Өзбек жарандарына кыргыз жарандыгын мыйзамсыз берген кызматкер кармалды

22.10.2021 14:38
857
Өзбек жарандарына кыргыз жарандыгын мыйзамсыз берген кызматкер кармалды


УКМК 2021-жылдын 20-октябрында мамлекеттик органдардын, мамлекеттик кызматкерлердин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын системасындагы фактысын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын алкагында, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты каттоо жана паспорттоштуруу бөлүмүнүн башкы адиси “О.Т.А.” кармалды.   Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады.


 “O.T.A.” кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жасалма документтердин негизинде мыйзамсыз түрдө Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун Өзбекстан Республикасынын жарандары “Ю.М.У.” жана “С.М.С.” белгилүү акчалай сый акы үчүн бергени аныкталды.


Кармалган “О.Т.А.” КР Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.        


УКМК тарабынан КРнын Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгү (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 330- беренесинин 2-бөлүгү (Паспортту мыйзамсыз берүү) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш иши башталды.     


Азыркы учурда, КРнын калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин кызмат адамдарынын жана кармалган адамдын байланыш түзүүзү боюнча жана Ош облусунун Кара-Кулжа районунун жарандык абалдын актыларын каттоо мекемесинен чет өлкөлүк жарандарга мыйзамсыз документтерди берген фактыларды аныктоо боюнча тергөө аракеттери, тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралары улантылууда.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн