Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 08:28
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Өзбекстан Казакстан менен чек арасын жабат

14.01.2022 13:10
840
Өзбекстан Казакстан менен чек арасын жабат

Өзбекстан коронавирустун "омикрон" штаммынын тездик менен жайылып жатканына байланыштуу 15-январдан тартып Казакстан менен чек арасын убактылуу жабат. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, бул чектөөлөр өлкөгө аба каттамдары менен келгендерге жана мекенине кайткан өзбекстандыктарга тиешелүү болбойт. Мындан тышкары, чек арадан айдоочулар, дипломаттар менен алардын үй-бүлө мүчөлөрү, студенттер, дарыланууга бараткандар, катуу ооруп жаткан жакынын көрүүгө же каза болгон тууганынын тажыясына бараткандар, ошондой эле Казакстанда туруктуу жашаган өзбекстандыктар жана Өзбекстанда туруктуу жашаган казакстандыктар өтө алышат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн