Бугу 09, 2024
Убакыт: 18:14
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Өзбекстан Кыргызстанга 20 тез жардам унаасын белек кылды

12.03.2021 16:53
591
Өзбекстан Кыргызстанга 20 тез жардам унаасын белек кылды

Өзбекстан Кыргызстанга 20 тез жардам унаасын белек кылды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.


Маалыматка ылайык, бүгүн, 12-мартта Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери Садыр Жапаров жана Шавкат Мирзиёев Ташкент шаарындагы «Яшнабад» инновациялык технопаркына барышкан.


Бул технопарк жогорку технологиялуу, атаанташтыкка жөндөмдүү, экспортко ылайыкташкан жана импортту алмаштыруучу өндүрүштү түзүү милдеттерин иш жүзүнө ашырууга багытталган өнөр жай ишканалар тобун камтыйт.


"Мамлекет башчылары технопарктын көргөзмө залына барышып, электромобилде өндүрүш цехтерин, Өзбекстанда өндүрүлгөн продукцияларды көрүп чыгышты. Ошону менен бирге технопарктагы ар кыл багыттагы инновациялык иштеп чыгууларды эске алуу менен тажрыйба алмашуу жана кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Өзбекстанда өндүрүлгөн транспорт каражаттары менен тааныштырууда кыргыз тарапка 20 тез жардам унаасы белек катары берилди", - деп айтылат маалыматта.


Белгилей кетсек, Садыр Жапаров 11-12-март күндөрү Өзбекстанда мамлекеттик сапары менен болду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн