Жыл башынан бери Өзбекстан өз Куралдуу Күчтөрүндөгү аскердик-техникаларынын 27 пайызын жаңылады. Бул тууралуу аталган мамлекеттин парламентинин коопсуздук комитетиндеги жыйынында белгилүү болгонун “Азаттыктын” өзбек кызматы маалымдады.
3-декабрда өткөн бул жыйында 2020-жылдын 10 айында Куралдуу Күчтөрүндөгү аткарылган иштер боюнча маалымат айтылган. Бул аралыкта жалпысынан Өзбекстандын аскерлери 200гө жакын ар кандай машыгуулардан өткөн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн