Өзбекстанда илдетке чалдыккандардын саны 49 адамга жетти. Алардын арасында чет өлкөгө барып келбеген 1 киши бар. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, дартты жугузгандардын арасында 20 жаштагы чет өлкөгө өзү да, ата-энеси да барбаган, сырттан келгендер менен карым-катнашта болбогон кыз чалдыккан.
Учурда вирусту жуктуруп алгандардын он биринин абалы оор, 5 адамдын өнөкөт оорулары бар.
Эске салсак, Өзбекстанда инфекцияга кабылгандардын жалпы саны буга чейин 46 адамга жеткен болчу.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн