Өзбекстанда коронавирус илдетине дүйшөмбү күнү дагы 1 адам чалдыкты, илдетке кабылгандардын жалпы саны 46 адамга жетти. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Cаламаттыкты сактоо министрлиги жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирген.
Маалыматка ылайык, Өзбекстанда 12 731 киши карантинде жатат. Алардын 7 416сы ооруканада, калган 5 315 адам үйлөрүндө. Ал эми карантинден 6 748 киши чыккан.
Эске салсак, Өзбекстанда алгачкы жагдай 15-мартта катталган. Коронавирус Францидан учуп келген аялдан табылган болчу.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн