Өзбекстанда коронавирус илдетин жуктургандар 1054 адамга жетти. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 14-апрелге карата 56 жаңы учур катталган. Өзбекстанда илдетке чалдыккан 1054 адамдын 85 оорудан айыгып, төртөөсү каза болгон.
Эске салак, Өзбекстанда коронавирус илдетин эң алгач Францияга барып келген аялдан табылган болчу.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн