Өзбекстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 8503 адамга жетти. Акыркы сутка ичинде 118 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды.
Жаңы катталган бейтаптардын ичинен 74 адам чет өлкөдөн келгендер болсо, Ташкент облусунда — 18, Самарканд облусунда —17, Ташкентте — 9 адамды түздү. Каза болгон адамдардын саны - 24.
Буга чейин маалымдалгандай, Өзбекстанда 1-июлдан тартып карантиндик чектөөлөр күчөтүлдү. Мындай чечимди коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык комиссия кабыл алды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн