Бештин айы 09, 2023
Убакыт: 14:49
USD
89.30
89.72
EUR
96.00
97.00
RUB
0.965
0.985

Өзбекстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтөт

08.05.2023 14:50
1296
Өзбекстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтөт

Өзбекстан Республикасында мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтөт. Бул тууралуу президент Шавкат Мирзиёев бүгүн, 8-майда билдирди.


Президент Мирзиёев жаңы кабыл алынган Конституцияга ылайык  алдыдагы үч жарым жылдык президенттик ыйгарым укуктарынан баш тартарын белгиледи.

"Биз жаңы кабыл алган Конституциябызга ылайык мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо чечимин кабыл алдык.

Албетте, алдыдагы үч жарым жылдык президенттик ыйгарым укуктарымдан баш тартам. 

Элибиздин жыргалчылыгы үчүн, өлкөбүздүн мындан ары өнүгүшү үчүн мындай кадам керек деп эсептейбиз",- деди Мирзиёев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн