Чын курандын 07, 2025
Убакыт: 21:04
USD
86.80
87.30
EUR
95.10
96.10
RUB
0.990
1.040

Өзбекстанда жыйналган унаалар Кыргызстандын базарына чыгууда

Өзбекстанда жыйналган унаалар Кыргызстандын базарына чыгууда


Өзбекстандын ADM Jizzakh заводунда жыйналган алгачкы Kia Sonet кроссоверлери Бишкекке жөнөтүлдү, деп билдирди ADM Global компаниясынын басма сөз кызматы.


Кыргызстандагы расмий дилерге алгачкы партиянын ичинде Luxe жана Prestige үлгүсүндөгү унаалар жеткирилди.


"Kia Sonet’тин экспорттолушу бул унаага Борбор Азияда кызыгуу артып жатканын көрсөтүп турат. Кыргызстан менен болгон кызматташтык Sonet’тин сатылышын арттырып, жалпы аймакта Kia брендинин ордун бекемдейт", — деп айтылат билдирүүдө.


Эске сала кетсек, бул унаалардын жыйналуусу 2024-жылдын мартында башталган. Июлда 1 миң Sonet чыгарылып, жарым жыл ичинде өндүрүш 10 эсеге көбөйгөн.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн