Бугу 04, 2024
Убакыт: 06:19
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Өзбекстандын премьер-министри Ош шаарына келди

01.04.2022 13:20
392
Өзбекстандын премьер-министри Ош шаарына келди

Өзбекстан Республикасынын премьер-министри Абдулла Арипов Кыргыз Республикасына жумушчу сапары менен келди. «Ош» Эл аралык аэропортунда сыйлуу конокту Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды. 


Бүгүн эки өлкөнүн Өкмөт башчылары эки тараптуу жолугушуу өткөрүп, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин чек арага жакын облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Өзбекстан Республикасынын чектеш облустарынын акимдеринин кеңешинин төртүнчү жыйынына катышат.


Мындан тышкары, Акылбек Жапаров жана Абдулла Арипов Баткен облусунун Лейлек районунун Маргум айылындагы жалпы билим берүүчү орто мектептин ачылыш салтанатына видеоконференцбайланыш режиминде катышат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн