Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 07:53
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген жаран кармалды

14.12.2023 09:19
402
Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген жаран кармалды


Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген жаран кармалды, деп билдирди Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы.


5-декабрда бир жигит милицияга арыз менен кайрылган. Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын июнь айында Т.Ж. биргелешкен ишкана ачууну сунуштап, андан 78 миң АКШ долларын алган. Андан кийин ал из жашырып кеткен.


Бул фактынын негизинде Тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголду.


Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам иликтөө кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 2002-жылы туулган Т.Ж. кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.


Учурда анын башка ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы такталууда.


Милиция кармалган жарандын аракетинен жапа чеккен жана кандайдыр бир маалыматы бар жарандарды 0707 525 222 же 102 телефон номурларына кабарлап коюуну өтүнөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн