Жалган курандын 17, 2025
Убакыт: 02:06
USD
87.30
87.80
EUR
94.50
95.50
RUB
1.000
1.030

Өзгөн айланма жолу салынып бүтүп, жакында колдонууга берилет

29.11.2024 15:17
570
Өзгөн айланма жолу салынып бүтүп, жакында колдонууга берилет


Ош облусунун Өзгөн районундагы айланма жолдун курулушу толугу менен аяктады. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол жакында колдонууга берилет. Аталган жолдун узундугу 14 чакырым, туурасы 22 метрди түзөт. Ошондой эле жолго 200 жана 97 метрден турган эки көпүрө салынган. Учурда айдоочулар үчүн төлөм пунктун орнотуу иштери жүрүүдө.

Белгилей кетсек, ал Кыргызстандагы алгачкы акы төлөнүүчү трасса болмокчу. Жаңы жол пайдаланууга берилсе, Бишкек-Ош каттамындагы айдоочулар Өзгөн шаарына кирбей, айланма жол аркылуу каттап, тыгын бир топ азаят жана жол коопсуздугу жакшырат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн