Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 05:48
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Өзгөн шаарынын четинде ок-дарыларды жана жардыргыч заттарды сактоочу жай табылды

Өзгөн шаарынын четинде ок-дарыларды жана жардыргыч заттарды сактоочу жай табылды


Ош облусунун Өзгөн шаарынын четинде ок-дарыларды жана жардыргыч заттарды сактоочу жай табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган жайдан 8 даана граната, 6 даана модернизацияланган бирдиктүү кол гранатасынын сактагычы (запал УЗРГМ), 114 даана 5,45 мм калибрлүү патрондор, 46 даана 7,62 мм калибрлүү патрондор (бронетранспортерлер), 1 даана 9мм калибрлүү патрон (Глок тапанчасынын), 1 даана 7,62 мм калибрлүү гильза алынды.

Табылып алынган ок-дарылар боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Азыркы учурда бул жашыруун жайга тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-издөө иш-чаралары уланууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн