Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 19:28
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Өзгөндө 200 сом үчүн таксистти өлтүргөнгө шектелип 5 адам кармалды

29.07.2020 09:21
966
Өзгөндө 200 сом үчүн таксистти өлтүргөнгө шектелип 5 адам кармалды


Өзгөн районунда таксистти өлтүргөнгө шектелип 5 адам кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, Өзгөн районунун Зергер айылынын 29 жаштагы тургуну 19-июль күнү унаасын айдап чыгып кеткен бойдон кайра кайтып келбегени тууралуу 24-июлда милицияга кабарланган.


Териштирүүнүн жүрүшүндө 19-июлдан 20-июлга караган түнү маркум такси кызматында иштеп жаткан. Шектүү балдар аны райондогу касапканага жеткирип коюуну суранышкан. Айтылган дарекке келгенде шектүүлөр таксистке 100 сом беришкен. Бирок ал жер алыс болгондуктан, маркум 200 сом берүүнү айткан. Мындан улам ортодо чыр чыгып, таксистти өлтүрүп алышкан. Алар сөөктү жашыруу максатында бензин чачып өрттөп, Кара-Дарыяга жансыз денени ыргытып жиберишкен.


Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен Өзгөн районунда 29 жаштагы жигиттин сөөгү Кара-Дарыянын жээгинен табылганын билдирген. Маркумдун артында 2 уулу жана кош бойлуу жубайы калды.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн