Бугу 13, 2024
Убакыт: 01:42
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Өзгөндө айылдашын бычып салды делген эркектин аялы кайрылуу жасады

18.11.2023 22:04
655
Өзгөндө айылдашын бычып салды делген эркектин аялы кайрылуу жасады


Өзгөндө айылдашын бычып салды делген эркектин аялынын кайрылуусу социалдык тармактарды тарады. Анда ал дээрлик 5 айдан бери чет өлкөдө экенин айтып, жолдошу тарабынан көп жылдан бери ур-токмокко алынганын билдирген.


“Орусияга келгениме беш ай болду. Биз айылда жолдошумун апасы менен турабыз. Эң кичине келинимин. Бирок үйгө кайнежелерим, кайнагамдар үйгө көп келет. Алар келип кеткен соң үйдө аябай көп чыр чыгат. Кайненем кылгандарымы жактырбайт. Жолдошум алар кеткен соң мени көп урчу. Жолдошумун мындай кордугуна балдарым үчүн чыдап, 20 жылдан бери жашап келип жатам. Жолдошум жада калса балдарымы да уруп, көчөгө кууп чыккан да күндөр болгон. Орусияга келгенимин себеби жолдошумун жини барган сайын тез келе турган болуп, балдарыма мени кошо уруп, үйдөн кууп чыкчу болду. Ошондон улам балдарымы уруп, бир жерин сындырып койбосун деп чыгып кеткем үйдөн”, - деген ал.


Буга чейин соцтармактарда “зына кылган жаранды жазалады” делген видео тараган. Андан соң кылмышка шектүү катары Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Куршаб айылынын 44 жаштагы тургун кармалган. Бул факт боюнча «Ден соолукка оор залал келтирүү» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалды.


Учурда жабырлануучу Ош облустук ооруканасында даарыланып жатат. Анын абалын орто оор деп бааланууда. Дарыгер жабырлануучунун баш мээси чайкалып, жыныстык мүчөсү жана көкүрөк бөлүгүнөн жаракат алганын билдиришти.


Булак: t-media

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн