Бирдин айы 24, 2025
Убакыт: 15:02
USD
87.30
87.80
EUR
91.70
92.70
RUB
0.975
1.020

Өзгөндө районунда окуучулар мушташып, бирөө ооруканага түштү

Өзгөндө районунда окуучулар мушташып, бирөө ооруканага түштү


Өзгөн районунда окуучулар мушташып, бирөө ооруканага түштү. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.


Маалыматка караганда, 14-февралда Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө 2008-жылы туулган К.Э. денесинен жарат алып, аймактык ооруканага түшкөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.


Бул факты каттоого алынып, жабырлануучуга соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.


Окуя боюнча териштирүү учурунда күбөлөрдүн маалыматына ылайык, №34 мектептин 11-классынын окуучулары өз ара пикир келишпестиктен улам уруша кетишип, натыйжада К.Э.ни ур-токмоко алышып, денесине жаракат келтиришкен.


Учурда КР Кылмыш-жаза кодексинин "Бейбаштык" беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн