Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Орозайым Нарматованын абалы туруктуу оор. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Нарматованын жактоочусу билдирген.
Анын айтымында, Орозайым Нарматова 14 күндөн бери ачкачылык кармоодо.
"Аны Республикалык диагностикалык борборго текшерүү үчүн алып келгенде жүрөгүндө көйгөй бар экени жана кан басымы төмөн болуп жатканы аныкталды. Ал өз алдынча баса албайт.
Дарыгерлер абакта аны дайыма көзөмөлдөп тура албайт.
Ачкачылыкты токтотуу ниети жок",- деди Нарматованын жактоочусу.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн