Бугу 20, 2024
Убакыт: 04:28
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Таабалды Тиллаев: Сох-Риштан жолу ачылбайт, анклавга коридор салууга жол бербейбиз

03.06.2020 12:49
16494
Таабалды Тиллаев: Сох-Риштан жолу ачылбайт, анклавга коридор салууга жол бербейбиз

- Таабалды мырза, кыргыз-өзбек, кыргыз-тажик чек аралары бүгүнкү күнгө чейин такталбай, чыр-чатактар токтобой келет. Бул маселени чечүүгө биздин жетекчилерге эмне жетишпей жатат деп ойлойсуз?


-  Биринчиден, биздин өкмөттүн жетекчилери чечкиндүү болбой, тиешелүү органдар өз жумушун так аткара албай жатат. 30 жылдан бери топтолгон бул маселенин төркүнү баарыбызга эле маалым болуп калды. Ар кандай чыр-чатактардын чыгып кетишин билип туруп алдын албай жаткандай сезилип жатат. Анан дагы ачыктыктын жоктугу жергиликтүү тургундардын арасында түрдүү ойлорду жаратууда.

 

Мындан сырткары, өкмөт маалымат айдыңында утулуп жатат. Өзбекстандын премьер-министри Сохто эл менен жолукканда Сох-Риштан жолу ачылат деп айтты. Бирок, ЕАЭБдин талабы боюнча эл аралык статусу жок ал постту биз ача албайбыз. Муну кыргыз өкмөтү так, кесе айтып чыгышы керек болчу.



- Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Сохтун тургундары менен жолукканда коридор маселеси көтөрүлүптүр. Буга сиздин оюңуз кандай?


-      -  Ал сөздү мен да уктум. Мындай пикирди Сохто жашаган өзбек жарандарынын бири сунуш катары айтыптыр. Арипов мырза аны карап көрүү убадасын бериптир. Бул жөн гана сохтуктардын кыялы. Биз ага жол бербейбиз. Анткени, Кыргызстандын жеринин асты да, үстү да биздин менчигибиз. Ал эми кайсы жерден пост ачуу биздин өз ишибиз.

Канткен менен коңшулаш эл ынтымактуу жашашы керек. Анан дагы Сох Кыргызстандын ичинде жайгашкан анклав экенин эч ким унутпасын.

 

 

Пикирлер (25)

Коопсуздук коду
Туркийлар
Манимча икки давлат ер алмашиши тўғри бўлади, СССР карталарни бўлишда занжир қилиб ташлаган, шу занжирни узиш учун Қирғизистон Сўх ва Шохимардонга коридор берса ва Ўзбекистон хам Қирғизистонга айланиб ўтадиган шахарларига ўз ридан коридор берса бўлди. Олам гулистон
Умид Асилбекович
Кыргызстанды ички жеринен Сох Шахмардандан чыгып кеткиле кочугунорду кысыып, Коридор силерге болбойт!!!
Х
Озбекистан менен граница такталып буткон. Колунардан келгенин алгансынар, эптеп убакыт отуп алабыз деген оюнар менен жашап кемесинен." Занжир" Манжир калган эмес. Эненердин акысы да жок.
Сарт
Дўстлар! Илтимос, ўрис "оға"нинг провокациясидан эҳтиёт бўлайлик. Барчамиз бир миллатмиз асли! Бу ишларни тинчлик йўли билан ҳал қилиш керак. Бирлашмоқ керак!
Тажибаев Айткозу
Каридор берилбеши керек. Себеби Сох Кыргызстандын ичинде жайгашкан анклав. Ким каридор берсе ал Кыргызстандын номер биринчи душманы.
Абдурроҳман
Сиз нима деб турганингизни тшуняпсизми? Сиз мусулмонон бӯлиб туриб шунчалик қахри қатиқмисиз? Ӯзи кимсиз аслида Аллоҳни бандасими? Агар Аллоҳни бандаси бӯлсангиз нега атрофиздаги бандаларга раҳимли эмассиз? Эй сӯхликларга каридор бермаймиз деяткан Қирғизистонлик биродарларим сизлар шу туткан йӯлилар билан фаластин аҳлини қон қахшатаяткан яхудлардан қандай фарқ қиляпсизлар. Аллоҳдан қӯрқинглар ва у зотга тақво қлинглар. Шояд раҳм қилинсангизлар.
Жураев
Эч кандай каридор берилбеши керек. Сох бул Кыргызстандын ичинде жайгашкан анклав. Кыргызстандын чоңдору каридор берсе. Ал номер биринчи Кыргызстандын душманы деп билемин.
Абдыкадыров Сүйүнбай
Туура айтылган сөздөр Таабалды мырза бирок биздин чоңдор эмнеге чечкиндүү маселеге келгенде уктап уялып калышат Эратовдой ачык сүйлөй алышпайт границага келгенде сиз туура айтыпсыз рахмат